Спектакль «Экөө» (двое) режиссер Уланмырза Карыпбаев

Театр юного зрителя им. Б.Кыдыкеевой поставил спектакль «Экөө» (Двое) по мотивам пьесы “Старая зайчиха” автор Николай Коляда, автор проекта Людмила Молдалиева, перевод пьесы с русского на кыргызский язык Тыныбек Сыдыков, режиссер-постановщик Уланмырза Карыпбаев, художник-постановщик Аблакова Мариям, музыкальный оператор Максат Сарбаев. Жанр – современная трагикомедия в одном действии, два персонажа женщина и мужчина, аудитория – для взрослых и для молодёжи, продолжительность 1 час. Немолодая актриса приезжает в провинциальный, северный городок по приглашению. Она и несколько ее подруг должны загримироваться под негритянок […]

О`Шакир: Ушул картинадагы абалга кептелдик

«Деградация» — Айып Алакуновдун кыл калеминен жаралган картина. Береги көрүнүштөн бүгүнкү Кыргызстаныбыздын деградациялык акыбалга кептелгенин көрдүм. Бийликтеги кризис, коомдогу регрессти таамай чагылдырган көркөм туюнтма. Ар мезгилдин өз баатыры, өз акыны, өз каарманы болуп келгендей эле өз сүрөтчүсү чыкмагы бар—ов… Бул картина капысынан көзүмө урунуп калды. Ийиндеш жүргөн иним бар. Атбашылык. Ачылып сүйлөбөгөн жигит. Апырылбайт, сапырылбайт. Сыртынан эмоциясы билинбейт, ичинде кайнап турат. Тек анысын кыл калем учу менен гана туюнтат. Айып Алакуновду азырынча өз чөйрөсү гана жакшы тааныйт. Элибиз болсо пайгамбарын […]

Реализм алкагын бузуп чыккан кыргыз сүрөтчүсү

Асатилла Тешебаевдин өмүрү Кыргызстан, Австрия жана Орусияга байланышкан. Ал үч өлкөнүн Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал өткөн кылымдын 90-жылдары коомдо башталган радикалдуу өзгөрүүлөр элдин менталитетине тийгизген таасирин чагылдырганга аракет кылса, акыркы жылдары адамдардагы позитивдүү маанайды, музыкалык термин  менен айтканда, мажордук гаммада бозкендир бетине түшүргөнгө көп көңүл бурат. Окурмандарыбызды А.Тешебаевдин чыгармачылык өзгөчөлүгү менен тааныштыруу жана Кыргыз живописиндеги учурдагы багыттар жөнүндө талкуу уюштуруу максатында художниктин басмага даярдалып жаткан китеп-альбомунан төмөнкү үзүндүнү сунуш кылабыз. Метареализм Асатилла Тешебаевдин киши кейпиндеги, бирок кишиге окшобогон пенделер тартылган […]

Жекшен Тагаев: Кайрылып келбес рельске түшүп алдык

Баарыбызды «Долондон канатымды кайрып алдым» деп сыздатып, айтылуу «Илияздын ырына» обон жазган Жекшен Тагаев менен маектешип отуруп, андан көп жакшы сапаттарды көрө алдым. Менимче, накта таланттар ушундай болсо керек. «Мен талантмын» деп кыйкырбайт. Күйүгүп сыйлыктын аркасынан чуркабайт. Өзү менен өзү болуп эл ичинде эргиген маалда чыгарма жаратып коюп жүрө берген таланттуу композитор, ырчы жана сүрөтчү, Түптүн Көөчү айылынын 65 жаштагы тургуну Жекшен байкеге кулак төшөйлү. — Кыскача өзүм жөнүндө айтсам, орто билим алган соң, бала кезден анча-мынча музыкалык билим алган […]

Людмила Молдалиева: Актеры кыргызского театра…

Актеры кыргызского театра – произнеся эти три слова,  хочется встать и аплодировать им  стоя, выражая тем самым самое глубокое уважение их профессионализму, бескорыстной  любви  к театру и к  своей профессии. При минимальной заработной плате  и  самом минимальном внимании со стороны правительства к их творчеству и   бытовым нуждам — тому  наглядный пример — Указ Президента от 30 декабря 2019 года,  где среди большого количества награжденных —  нет  ни одного актера театра, они продолжают свое преданное  служение  искусству. Идеологию государства претворяют в […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евро Биримдиктин баалуулуктары-2

<<<<< Башы Ренессанс доору «Кайра жаралуу» (Ренессанс) термини 19-кылымда кеңири таралган. Ал тарыхый концепциянын негизинде жаралып, жапайычылык жана нааданчылык өкүм сүргөн орто кылым өз дооронун сүрүп бүткөндөн кийин, тээ байыркы дүйнөдө гүлдөп өскөн цивилизация, ошол мезгилдерден бери биринчи жолу кайра жаралуу доорун башынан өткөзүп жатат деген түшүнүктөн улам пайда болгон. Кайра жаралуу доору орто кылымдардагы коомдук турмуштун феодалдык механизмдерин жана чиркөөнүн үстөмдүгүн четке каккан. Ренессанс (Италия тилинде – rinascita, француз тилинде – renaissance) доору деп 1250-1550-жылдар эмес XV-XVI кылымдардын аралыгындагы […]

Нурланбек Мусаев: Жаңылануу – реформаны алып келет – 1

Кандай коомду болбосун алга жылдырган, өнүктүрүп-өстүргөн жана жүз жылдар бою улуу маданиятка айланткан анын кыймылдаткыч күчү – маданият, искусство экенин чын. Искусство адамга жаңы пикир жаратып, жаңыча ой жүгүртүүгө түртөт. Жаңыча пикир пайда болбогон, маданияты тайкы коомдо экономикалык көрсөткүчтөр да, жетишкендиктер да болбогонун тарых эчак тастыктаган. Искусствонун, маданияттын улуту же мамлекети болбойт. Улуттук баалуулуктарыбыз, оозеки адабий чыгармаларыбыз, улуттук кийимдерибиз, жадакалса салтыбыз, үрп-адатыбыз да маданий мурас эсептелет. ЮНЕСКОнун маданий-мурастар тизмеси кайсы улуттан эмне кирген болсо, ошол улут башкаларга өөдөсүнүп мактансын-даңкталсын деп […]

Саясий өрнөк: Зеленскийдин Жаңы жылдык куттуктоосу

«Кымбаттуу украиналыктар! Демейде Жаңы жылдык куттуктоолорунда президенттер бизге ИДПнын өсүшү, инфляциянын ылдыйлашы, имплементация, диверсификация жана башка түшүнүксүз терминдерди айтышат. Кыскасы, жашоо жакшырганын, бирок биз муну азырынча байкабай жатканыбызды айтып, ишендиргилери келет. Ошондуктан көп учурда президент кайрылып жатканда, добушту өчүрүп коёбуз. Тек, ал жомогун жобурап бүтүп, шампан, май чабак оролгон бутерброд менен оливьеге өткөнгө чейин күтөбүз. Бүгүн андай болбойт. Келгиле, ар бирибиз өзүбүзгө: “Мен киммин?” деген ыймандай суроону берип көрөлү. Украина президентиби, ооматы жүргөн адвокатпы, карапайым үй кызматындагы аялбы, могилянкалык студент-философпу, […]

Стамбулда кыргыздын улуттук маданияты даңазаланды

Өткөн аптада Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстанды таанытуу иш-чарасы өттү. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулду. Өлкөнү, улуттук маданиятты таанытуу аземин Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер платформасы жана Стамбул университети өткөрдү. Аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Консулдугу, Стамбул Университетинин ректору Махмут Ак, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин Башкы секретары др. Фахри Солак, Стамбул Университетинин Эл аралык студенттер кеңсесинин башчысы Фарук Ташчы жана Түрк дүйнөсүн изилдөөлөр борборунан расмий коноктор катышты. Бул туурасында уюштуруучулар тобунан Курсанбек Дүйшөнкул уулу маалымдады. Аземдин […]

Сексенинчи жылдардын хит ырлары кыргыз тилинде

Сексенинчи жылдардын дискотекасынын ырлары менен биздин балалык байланышкан. Тез ыргактуу, жагымдуу музыкалуу, таттуу үндүү бул чыгармалардын коштоосунда отуруштарда, дискотекаларда же жөн гана көңүл ачууларда далай бийге түшкөнбүз. Алардын сөздөрүнө түшүнбөсөк да жакшы нерселерди айтып жатканына ишенчүбүз. Азыр да аларды уксак колу-бутубуз кыймылдап кетет, алыскы балалыгыбызды эстейбиз. Анткен менен азыркы жаштар деле бул музыкаларды сүйүп угушууда. Көрсө алар чындап эле мыкты ырлар экен,  жакшы чыгармалар түбөлүктүү болот тура… Азыр эми бул хиттердин сөзүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк жаралып, орусча тексти колубузга тийгенде “деги […]

Кожогелди Култегин: Рыспай Абдыкадыровдун өмүр соңундагы жарым-жартылай маеги

БИШКЕКТЕ БЕРИЛГЕН АКЫРКЫ КОНЦЕРТ Ооба, бул маек – ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун өмүр соңундагы толук алынбай калган маеги. Даңазалуу ырчы 1994-жылдын сентябрында көз жумса, бул жарым-жартылай маек ошол жылдын февраль айында алынган болчу. Чоо-жайы мындай.  1994-жылы февралда эч кандай мамлекеттик түзүмдөрдүн эмес, жеке эле акын Үрүниса Маматованын демилгеси менен Бишкекте – Токтогул Сатылганов атындагы  Кыргыз улуттук филармониясында Рыспай Абдыкадыровдун үч күндүк концерти уюштурулган. Эгемендүүлүктүн таяныч таба элек алгачкы жылдары. Эл-журт тукулжурап, кыйналып турган чак эле. Ошондуктанбы, үч күн бою зал […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын көчү – Турмуш, көзөмөлчүсү – Тагдыр

Жаны болсо жаратылыш бир кызык, Жашоо эмне бирде муздак, бирде ысык? Ата-бабам айтып кеткен сөзү бар, Алла-Таала сызат дешет бир сызык. А дүйнөбү, бу дүйнөбү биле албай, ушул сөздү араң жаздым тер кызып… (Атам Иптардын күндөлүгүнөн) «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жетелейт». Бул – элибиздин эзелтен келаткан жашоо жөнү, өмүр философиясы тууралуу чыгарган кеменгер акыл тыянагы. Турмуш – жан бүткөндүн жашоо тирлиги, жамаат ичинде «маңдайга жазылганды» көрүп, тагдыр тартуулаган өмүр көчүн өргө сүйрөө. Ал «бол+муш», «өт+мүш» сыяктуу бир эле учурда кыймылды […]

Эй, арман, эй: ошол күз кайра келди…

Бул сүрөттүн таржымалы кызык. “Кыргыз Туусунун” ошол кездеги маңдайга бүткөн сүрөтчүсү Шекербек Сартов экөөбүз Сүймөнкул аганы сүрөткө тарталы деп “Ала-Тоонун” маңдайындагы иш бөлмөсүнө баш бактык. Беймаал босого аттаган биз менен Сүкөм тура калып учурашты. Отургуза койбой “каяктан тартасыңар?” деп калды. “Эркиндик” гүлбагынан түзүк чыгат эле” деди Шакем. Азыр эстесем, кайран Шакем Сүймөнкул аганын сүрөтүн тарткан акыркы сүрөтчү экен. Себеби, өмүрүнүн аягында оору менен алпурушуп жүрүп, сүрөткө түшүү Сүкөмдүн оюна да келбесе керек. Анын үстүнө суудан өксү организмден (суткасына 400 грамм […]

Театровед Людмила Молдалиева: Фестиваль, фестиваль…

Об итогах УП Международного театрального фестиваля «Арт-Ордо», посвященного 80-летию народной артистки КР, лауреату государственной премии им.Токтогула  Жамал Сейдахматовой. Очередной  УП международный театральный  фестиваль  «Арт-Ордо» уже стал историей. Принимал фестиваль  с 23 по 28 сентября  древний город Ош – культурная столица тюркского мира 2019 года, участниками фестиваля были творческие коллективы:  Азербайджана,  Казахстана, Кыргызстана, Таджикистана, Турции и Узбекистана. На суд зрителей были представлены пятнадцать самых разнообразных по жанру и художественному воплощению спектаклей. Большой и приятной  неожиданностью фестиваля было то, что  впервые в […]