Роберт Кийосаки: Бай атам, кедей атам

Кириш сөз Менин эки атам бар эле, ошондуктан менде бири-бирине карама-каршы келген эки көз караштан тандоо мүмкүнчүлүгү болгон. Менин эки атам бар эле: бири бай, экинчиси кедей. Бири билимдүү, акылдуу, илимдин докторлугуна чейин жеткен даражалуу адам эле. Ал баклаврдын төрт жылдык окуусун эки жылда эле аяктаганга жетишкен. Стэнфорд, Чикаго жана Түндүк-батыш университеттеринде өкмөт эсебинен окуган. Экинчисинин сегиз класстык билими да жок болчу. Экөө тең өмүр бою маңдай терин төгүп эмгек кылышты, ийгиликтүү карьера жасашты. Экөө тең жакшы акча табышчу. Бирок, […]

Сардарбек Рыскулов: Сатылган мүнүшкөр

Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да болгон. Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү, куш салгандын кызыгы. Кетеринде Сатылган менен убадалашты: «Келерки жылы Кочкорго көчүп кел. Кышта. Эрмектешип куш салалы. Аты-тонуң, согумуң менин мойнумда болсун. Көңүлүңө биздин эл-журт жагып калса туруп каларсың. Бул жерде […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу Насыпбек Асанбаевден жооп

Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби? Жооп: Мен бул тууралуу мурда-кийин ойлонуп деле көрбөпмүн. Бирок, ушул суроону алгандан кийин ойлонуп отуруп бир нерсени эстедим. Бир жолу түрк элдеринин адабияты тууралуу түрк тилдүү эмгек (китеп беле, журнал беле, же интернетте беле, эсте жок) колго тийип калды. Анан аны барактап отуруп кыргыз элинин адабияты деген жерге жеттим. Мына ошол жерден жалпы түрк элдеринин ичинен биздин адабият кыйла эле бай экени байкалып атпайбы. Мисалы, баштаганда эле “Манас” эпосун жазышыптыр […]

Балдар адабияты боюнча жаңы конкурс

Конкурстун аталышы: «Ою жатык, тили жетик муун үчүн». «РухЭш» сайты Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган балдар адабиятын өнүктүрүү багытында жаңы конкурс жарыялайт! Кыргыз тилдүү акын-жазуучулар арасында балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюшулган бул конкурс Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы аттуу Жарлыгына ылайык уюшулду. Конкурстун шарттары: Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат. Конкурска катышууга авторлордун жаш курагы чектелбейт жана балдарга арнап чыгарма жазууну каалаган баардык калемгерлер катыша алат. […]

«Нуска» котормочулар тобунун алгачкы ийгилиги

«РухЭш» сайтынын «Нуска» котормочулар тобунун адабий ишмердиги алгачкы жемишин берип, кыргыз авторлорунун көркөм чыгармалары түрк элинин «Кумру» журналында жарыяланды. Аталган журналга эң алгачкы авторлордон болуп белгилүү адабий сынчы, акын, котормочу Салижан Жигитовдун “Элегиясы”; Жазуучу, драматург Мурза Гапаровдун “Эки ирет гүлдөгөн алмалар” аңгемеси; Учур адабиятыбыздын көрүнүктүү жазуучусу, адабиятчы, публицист Абдыкерим Муратовдун «Булбул… Алча гүлү… Ай кертими…» (Сайгё тууралуу) аттуу лирикалык эссеси жана «Биринчи сүйүүгө чейин», «Булбул… Алча гүлү… Ай кертими… Жымжырттык» аттуу аңгемелери; Таланттуу жазуучу Жамалбек Ырсалиевдин “Куш дагы уясына кирди» […]

Альберт Эйнштейндин бардык байлар колдонор акылман ойлору

Улуу физик илимдин гана даанышманы болбостон, ал психологияны да мыкты билген жана Аалам кайсы мыйзам менен жашаарын мыкты түшүнгөн. Эйнштейн физика формулаларын физикада эле эмес, адамдардын кадимки жашоосунда да колдонсо болот деп ишенген. Окумуштуунун кызык байкоолорун ийгиликтүү бай адамдар өздөрүнүн байлыктарын жана капиталдарын көбөйтүү үчүн кантип пайдаланып жүрүшкөнүн карап көрөлү. «Ар кандай көйгөйлөрдөн жана түшүнүксүз жагдайлардан жагымдүү мүмкүнчүлүктөрдү тапса болот». Эгерде, башыңыздан жагымсыз окуя болуп өтсө, андан өзүңүзгө керектүү бир нерсени таап чыга аласыз. Ал үчүн жөн гана көйгөйдү кызыктуу […]

Бери караң: Аялдар үчүн кызматтан көтөрүлүү мыйзамы

Ата-энелер жана балдар жөнүндө Балдарды тарбиялоодо – акчаны эки эсе аз жумшап, убактыңды эки эсе көп бөл. *      *      * Уулду болом деген тилеги аны көп кыздуу кылды. *      *      * Көпчүлүк адамдар өздөрү бала бойдон жүрүп эле ата-эне болуп алышкан. Медицина тууралуу Оорулуу балага чоңдорго мамиле кылгандай мамиле жаса, оорулу чоң адамды – жаш баладай кара. *      *      * Өзүңдүн бактерияңды көргөзчү, мен сенин кимдер менен жүргөнүңдү айтып берем. *      *      * Чыдамың канчалык күчтүү болсо, ошончолук көпкө күтүүгө […]

Дэн Вальдшмидт: Ийгиликке жетүүнүн эрежелери

Көп нерсеге жетишкиле. Баштаган ишиңерди бүтүргүлө. Кайра-кайра баштай бергенди токтотуп, мурда бүтпөй калган иштерди аякагыла. Ишенимиңиз чоң болсун. Сиздин күчүңүз ааламды багынтууга жеткирери эсиңизден чыкпасын. Көп сүйлөшкүлө. Менин айткандарым бардыгына түшүнүктүү деп кыйынсына бербе. Оюңду бөлүшүп, максатыңды түшүндүрө жүр. Көбүрөөк суктангыла. Дүйнөгө таң калуу менен толкундоолорду жараткыла. Табышмактуу боло бил. Таасирлүү болгула. Адамдар жеткиси келген өзгөрүштөргө себепчи болгула. Маал-маалы менен ойлоно жүргүлө. Атайын токтоп тыным жасагыла, кылган ишиңерди талдап, жаңы изденүүлөргө шык болор нерселерди издегиле. Көбүрөөк бергенге аракеттенгиле. Башкаларды сүйүү […]

Конкурска: Таберик (№41)

АҢГЕМЕ 1989-жыл, кеч күз. Ошол жылы күз узак болуп, жакшы турду. Жаан жааса да бат эле күн желесин жая жаркырап чыга калат да, айлана тоорсуп кургай түшөт. Айыл эли мээнеткеч келип, тыным деген болбойт эмеспи, күзгү жыйым-теримди акыр-аягына чейин бүтүрүп, жыйганын жыйып, тергенин терип, оргонун оруп, талаа жумуштарын бүткөрүү менен алек. Биздин үй-бүлө да күз күрөшү менен күрөшүп, бактагы жалбырактарды толугу менен топтоп, алмаларды, жаңгактарды бирин койбой терип, калтырбай жыйнап алганга жетиштик. Колумда жаш кызым бар, кичине колго кирип, ким […]

Кыргыз урпагы Ишен Жакыпбековдун эмгегин Россия баалады!

Өткөн 2019-жылдын август-ноябрь айларында Евразиялык Экономика биримдигинин 5 жылдыгына карата Ысык-Көлдө бильярддын пирамида (же орус бильярды) түрү боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп, ага катышкан Биримдикке кирген 5 өлкөнүн жогорку мансаптуу коноктору жана спортчулар чемпионаттын техникалык уюштуруу деңгээлин, тагыраак айтканда, оюн үчүн коюлган бильярд столдорунун сапатын эң жогору баалашты. РФ бильярд спорту боюнча Федерациясынын президенти Павел Завальный мырза Федерациянын «Бильярд» журналына бул боюнча пикирин кенен билдирип, анын ичинде бүгүнкү күндөгү бильярд столу кандай болушу керек деген негизги суроого өзгөчө көңүл бурду. «Мен […]

«РухЭштин» адабий платформасы (сүрөттөрү менен)

Учур адабиятын жандантуу максатында «РухЭш» сайтынын алдында эки топтон турган агенттик түзүлдү. Бири – «Нуска» котормочулар тобу, бири – «Казына» адабиятчы, сынчылар, эксперттер тобу. «Нуска» тобундагылардын милдети – дүйнө адабиятынын өрнөктүү тексттерин жана көркөм чыгармаларын кыргыз тилине түпнускадан которуп жеткирүү. О.э. кыргыз авторлорунун тандалма чыгармаларын дүйнө элдеринин тилине которуп жайылтуу. Учурда «Нуска» тобундагылардын аракети менен бул озуйпаны турмушка ашыруу милдети жолго коюлуп келатат. Аталган топтун алдыдагы максаттары менен бул жактан тааныша аласыздар>>>> «Казына» тобуна келсек, бул топтун мүчөлөрү буга чейин […]

Дилазык: Токойдо адашкан беш жолоочу жөнүндө уламыш

Бир жолу беш жолоочу калың токойдо адашып калышты. Биринчи жолоочу билбеген жолго түшпөйм деп, кайра айтка кайтты. Экинчи жолоочу кудайым оң жолун берсин деп оңго бурулду. Үчүнчү жолоочу тетириленип, силер түшкөн жолго түшпөйм деп солго бурулду. Төртүнчү жолоочу кетенчиктебей дайыма алга карай жүргөн адам эле, ал бурулбай алдыга түз кетти. Бешинчи жолоочу белгисиздикти жактырчу эмес, ошондуктан ал токойдогу эң бийик даракка чыгып, тегерете көз жүгүрттү. Бийиктиктен ага токойдун кайсыл жерден бүтөрү, кайсы жолго салса барар жерине тез жетери алаканга салгандай […]

Сурамжылоо: Адабий рейтинги бийик акын-жазуучулар аныкталды

«РухЭш» сайты жүргүзгөн сурамжылоо негизинде учурда көзү тирүү акын-жазуучулардын кимиси оозго көбүрөк алынаары аныкталды. Сурамжылоого коомдун түрдүү катмарындагы эксперттер катышты. Сурамжылоо жүргүзүү саамалыгы мындан ары да ар бир 3 ай сайын жүргүзүлүп турмакчы. Адабий рейтингди аныктоонун максаты – 2020-жылдын соңуна чейин кайсы акын-жазуучунун ысымы эң жогорку рейтингден түшпөсө, «РухЭш» сайтынын алдында түзүлгөн адабий агенттиктин жардамы менен ошол калемгерлердин «Турар» басылмасынан китептери чыгарылып, о.э. чыгармаларын дүйнөнүн башка тилдерине которуу демилгесин колго алат. Акындар: Сагын Акматбекова – 25 Нарсулуу Гургубай – 22 […]