Тофалар эл жомогу: Багыш менен кабарга[1]

Тайгадан багыш менен кабарга жолугуп калышат. Багыш айтат: – Сен эмне мындай кичинекейсиң, шалпаң кулак? Алдагы түрүң менен биздин бугулар тукумун бузуп! Сапсагай түгү үлпүлдөк кабарга, өйдөгө карап айтып турганы: – Сен колтоюп турганың менен, агер түгүбүздү санаша келсек, сенин жүнүң меникинен аз… Тайга боюнча өзүндөй чоң жаныбар жок экенине бекем ишенген багыш менменсинет. Ордунан копшолот, чоюлат, керилет. Башын бийик көтөрөт. Мүйүзү те асманды сүзчүдөн бетер калдаят. – Э-э, эмне дегиң бар, балакай, – дейт басынта сүйлөп. – Жүнүбүздү теңешип […]

Латыш эл жомогу: Экинчи үндүк

Помещик бир кембагалдан пасторго эки үндүк берип жиберет. Анысын тастыктаган катты да колуна карматат. Кедей жолдон үйүнө бурулат. Бул учурда анын үй-бүлөсү ачка отурган болчу. Атасынын жолдуу келгенин көргөн балдары сүйүнгөн бойдон курчап калышат. Аялы да жетине албай жүрөт, тимеле кубанычы койнуна батпайт. Кедей бул үндүктөр өзүнө тиешелүү эместигин айтмакчы болот, бирок балдарынын кубанычына суу сепкиси келбейт. Андан көрө пастордун каарына калууну туура көрөт. Ошентип бир үндүктү үйүнө калтырууга туура келет. Жолдо катар Кудайдан кечирим сурап, бул кыйындыктан чыгарууну өтүнүп, […]

Конкурска: Эки дос (№9)

ЖОМОК Илгери, илгери эки дос болуптур. Алар бала кезден чогуу ойноп, чогуу жүрүп чоңоюшат. Бир үзүм нанды бөлө жеген ынтымактуу достордон болушат. Жылдар суудай агып, бат эле жигит куракка жетишет, үй-бүлө күтүшөт. Достордун бири дыйканчылык менен алектенсе, экинчиси мал багууга шыктуу болот. Жашоо шарттары, кызыгуулары ар башка болгонуна карабай экөөнүн достугу чыңала берет. Ошондой күндөрдүн биринде малчы достун жандыгы тез эле көбөйө баштаганын дыйкан дос байкайт. — Оо дос! Мал-жаның күн санап өсүп жатат. Кубанып турам… Бирок? Бирок, жандыктарыңдын мынчалык […]

Латыш эл жомогу: Макоо

Бир макоо энеси менен жашаптыр. Эр жеткенде дароо эле бойдокчулук менен кош айтышмай болот. Бирок кыз менен сүйлөшө албайт. Алар жигиттин маңыроолугун кебетесинен эле байкагандыктан – жанына жуутушпайт. Ошентип колоктоп көпкө жүрүп калат. Бул коко тикендей неме минтип колукту албай коколой башы менен өтөрүн сезген эне келинди өзү издемей болот. Кетип атып макоого үй-жайга жакшылап көз салып, өзгөчө жумуртка басып жаткан казды жакшылап кароосун, ага уяны таштап кетүүгө жол бербөөсүн тапшырат. Ошентип макоо үйдү сак-сактап калат. Бир кезде макоонун алаксып […]

Тофалар эл жомогу: Айбанаттар кеңеши

Бир курдай Бурхан баардык жаныбарларды жыйнап, айбанаттардын падышасын шайламай болушат. Үкүнү падыша кылмай болушат. Бирок анын көзү бажырайып чоң болгону менен күндүзү көрбөйт эмеспи, ошондон улам үкүнү падышалыкка шайлоо ишке ашпай калат. Коёнду падыша кылалы деп чечишет: бирок ал өтө эле коркок да. Багышты падышалыкка көрсөтүшсө, анысы айтат: – Карышкыр артыман түшүп жүрөт, демек ал менден кыйын. Андан соң аюуга сунуш кылышса, анысы айтат: – Туугандар, мени кантип падыша шайлайсыңар, мен өз курсагымды тойгуза албай жүрсөм. Ал тургай ушул жыйыныңарга […]

Төлөгөн Касымбеков: Көкжал (шедевр)

АҢГЕМЕ Күн төбөдө жаркырап турган. Жалы кере карыш көк бөрү, аксак боз канчыгы бирде жер шимший, бирде алдыга өтө, жанында кубаңдайт, а көк бөрү ар убак алдыңкы бир бутун көтөрө лып токтой кала шарпа тыңшай, тумшугун желге тосо жыт издейт да, кайра жулуна желип жөнөйт. Кыраңга чыга берерде боз канчык дөбөтүн алдыга өткөрүп, эки кулагы тикчийе карап, токтоло калды. А көк бөрү дароо бөктү да, ыргалган чөптү жойкун кыла, бирок шырт эткизбей кыраңга боортоктоп чыкты. Чыкты да, те бөрү болуп […]

Кыргыз эл жомогу: Карасанатайлыкпы же кара жемсөөлүкпү

Бир кездерде арстан, карышкыр, түлкү аябагандай ынак болуптур. Кенедей тамак табылса, нысап менен бөлүшүп жегенге үйрөнүшөт. Бир жолу үч дос жортуулга жөнөшөт. Көп мезгил өтпөй жолдон бир козулуу кой, келишкен кочкорго кезигишет. Үчөө тең кубанычка батып, күлүңдөп бири-бирин карашат. – Кана, көк жалым, бул олжону эми кандай бөлүштүрөбүз, сөз сенде, – деп арстан карышкырды карайт. Карышкыр буйдалбай туруп буга мындай деп жооп берет. – Кочкор – сиздики, кою – меники, козусу – бечара түлкүнүкү. Арстан карышкырдын бул сөзүн жактырбай, ачуусу […]

Акималиев Бекзат: Эне жүрөгү – чексиз  сүйүү

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Кара сөздүн чебери,  аалам алпы Айтматовдон ала турган сабактар санаса сансыз, ченесе чексиз. Бирок ар бир адам ой чабытына,   акылынын деңгээлине жараша кабыл алат эмеспи.  Айтматов жазган  ар бир чыгарма, ар бир аңгеме,  ар бир сөз жан дүйнөмө дүрбөлөң салып, ары суктантса, ары таңдантырат. Чыңгыз Айтматовдун акылмандыгы,  улуулугу, чеберлиги ар бир чыгармасында сокур адамга болсо да көрүнүп турат, сезилип турат. Албетте сабак алуу менен бирге аны  күнүмдүк жашоодо колдоно билүү керек. Мына ошондо Айтматов өзү айткан:            […]

Бекболотова Нурай: Энелик сезим

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Ак мөңгүлүү тоолор, комуз күүсүндөй мукам суулар, арчага оронгон токойлор, кызыл-тасыл гүлдөр жер бетинде жанданып жашоосун улагандан тарта адам баласы аалам айдыңына алгачкы кадамын шилтеп, бир ыргакта өмүр жолун улантып келет. Бул ары катаал, ары сырдуу дүйнө айрым учурда чырмалышкан чептей бекем маселелер менен саймаланса, бирде күн нурундай мээримге толгон дүйнө менен төшөлгөн. Жараткан жандай сүйгөн пендесин көптүн көзүн май кылган, сезимдерди толкутуп көшөрткөн окуялардын майданында сынап, күч кубатына, тагдыр табышмагын жандыра билүү акылына карап өзгөчө […]

Өзбек эл жомогу: Кимдин түшү жакшы?

Бир күнү Алдар Көсө мергенчиликке чыгат. Кечке жүрүп жолу болбой кайтып келатса үстүнөн каздар учат. Алдар акең мээлеп мээлебей атып жиберсе, бир семиз каз алдына топ этип түшүп, ушундай бир кубандырат дейсиң, тимеле өзүн бактылуу сезет. Бирок, олжосун жерден алгыча болбой кайдан-жайдан чоң курсак бай пайда болуп, сөөмөйүн кезей зекийт: — Эй, менин жеримдеги казды эмнеге алганы жатасың? — Байым, сенин жериңде жатпай эле өзүм атып түшүрдүм, демек каз меники, — дейт Алдар жан талаша. — Аныңды билбейм, менин жеримдегилердин […]

Жыргалбаева Айдай: Айтматов – менин мугалимим

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Бүт тармакта күчтүү болгон инсандарды, келечектин ээлерин тарбиялоого, окутууга биринчи болуп кол сунган кадырлуу инсандар – мугалимдер. Ар дайым изденгичтиги, жаш баладай назик көңүлдүүлүгү менен айырмаланган камкор жандар. Алар кулачын ачса көкөлөп учуп кучак толгон аруу, күнөөсүз мотуракай наристелер жылуу нурларын чачырата учуп чыгышат. Мугалим деген инсанды, бүт дүйнө туңгуюктуу караңгы болуп турган кезде ааламдын нурлуу бетин көрсөткөн “жакшы” катары билем. Анткени мен оюндан башканы билбес тентек кезимде колумдан аярлай жетелеп, мага жашоонун жаңы сырларын ачып […]

Нурланбекова Каныкей: Калемдин курчу – изденүү менен акылдан

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Дүйнө жүзүндө көптөгөн кызыктуу, билимге бай энциклопедиялар кездешет. Мен учүн жашоого да, андагы ак менен караны үйрөтүүчү эң даанышман энциклопедия – бул Чыңгыз Айтматов жана анын улуу чыгармалары. Айтматов – күчтүү жазуучу, философ,  ташкындаган таланттын барып турган чеги, чечендиктин символу, кыргыз элинин мандайына бүткөн жаркын жылдызы. Мага бул таланты ташкындаган жаратмандын жазгандарынан «Жамиля» повести аябай таасирдүү болду.  Чыгарма ысык нан, улуу сүйүү жыттанган ыйык чыгармалардын бири.  Анда башкы каарман Жамилянын ошол мезгилдеги бүткүл аял затынын көргөн […]

Максат кызы Айназик: Жаратылышка кайдыгер мамилем менен кош айтыштым

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Дүйнө жүзүнө элибизди жар салып, атын чыгарып, төбөбүздү көккө көкөлөткөн улуу жазуучубуз, кылымыбыздын кайталангыс идеалдуу адамы, даңазалуу сүрөткер – улуу жазуучубуз Ч.Айтматов. Анын уникалдуу жазуучу экендигин чыгармада айбанаттан баштап Жер энеге чейин тил бериши, алардын ички сезимин сүрөттөөсү, аларда болгон сүйүү, мээрим жана ушул сыяктуу нерселерди окурмандарга жеткирүүсү баяндап турат. Мындай сүрөттөө өзүнчө чоң искусство десем такыр жаңылышпайт болушум керек. Анткени ар бир жазуучу мындай сапатка ээ эмес да. Менин оюм боюнча чыгармада окурмандарды тартып турган […]

Улукбек кызы Каныкей: Толгонайдай энемден таасирлендим

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Чыңгыз Айтматов кыргыздан чыккан, дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орду бар чыгаан инсан.  Ал жараткан чыгармалар, фильмдер, андагы каармандар адамдарда унутулгус таасир калтырды. Анын ар бир чыгармасы турмуштун уңгусунан алынган. Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли окуган, окуй да берет. Чыңгыз атабыздын чыгармалары абдан таасирдүүлүгү менен өзгөчө, алардын арасынан «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонай эненин образы менде өзгөчө таасир калтырды. Толгонайдын аялдык, энелик сезимдерин сөз менен жеткирүү кыйын. Анын үй-бүлөсү каардуу согуштун айынан жок болду. Ал күйөөсүн, андан соң балдарын кандуу […]