Конкурска: Мышык (№8)

АҢГЕМЕ Таргыл семиз мышык бак түбүндө көлөкөлөп уктап жаткан. Бир маалда аарылар ызылдап чага баштады аны. Мышык коркконунан бакка чыга качты. Бирок түшө албай, бутакка илинип туруп калды. Ары жактан мышыктын досу агала күчүк келип, борсулдап үрдү: — Аб-аб-аб, түш мышык! Мышык шашканынан бутактагы таранчынын уясында турган жумурткаларды байкабай, жерге секирди. Учуп баратып, өзү менен кошо кулаган уяны көрүп, чочуп кетти. Уя учуп барып, агала күчүктүн башына кийилип калды. Ал аны этият алып жерге койду. Томолонгон мышыкка күлгөн бойдон ары […]

Рахима Сыдыкова: Жолборс

(Балдар үчүн аңгеме) Жолборс – биздин итибиздин аты. Дегинкиси ал жеке эле биздин эмес, эки үйдүн – Алмакан таежемдин жана биздин үйдүн да ити. Бул торпоктой болгон койбагар, жүндөрү суйдаң, кулагы чологурааак, буттары узун болгондуктан, бою да бийик, кочкул-куйкул сары түстөгү жүндөрүнүн жон туштары кыскараак келип, бир аз тикийип каралжын тартып тургандыктан, мунун өңүнүн кандайдыр бир түстө экенин бир сөз менен айтып берүү кыйын. Анын куйругу мулук. Себеби, күчүк кезинде таежем куйругун дөңгөчкө коюп, балта менен керте чаап салган. Мен […]

Конкурска: Килем (№5)

(Балдар үчүн аңгеме) Бир адам базарга барды да, коозунан тандап килем алып кайтты. Ал килем өзүнүн кооздугуна мактанчу эле да. Үйгө келгенче: «Мен эми мындан ары сыз кампада жыйылып жатпай, адамдын сыйлуу конок үйүндө дубалда илинип турам. Элдин баары мага суктантып карашат» деп кыялданып баратты. Бирок адам аны дубалына илбеди. Бөлмөнүн күндө отуруп жүргөн жерине төшөп койду. Адамдын мунусуна килем абдан нааразы болду. Үйдөгүлөр тебелеп басышып, анын сулуулугу менен түк да жумушу болбоду. Баарынан да тентек балдардын ары-бери чуркап, оонап […]

Конкурска: Кыргыз болом! (№4)

(тестиер балдар үчүн аңгеме) Айылга! Иззат күзүндө беш жашка чыгат. Ал бакыраң көз, каратору, шок бала. Көргөндөрүнүн баарын билүүгө кызыгат. Бишкекте жашайт. Аны чоң атасы, чоң энеси, таята-таенеси, анан албетте ата-энеси – баары жакшы көрүшөт. Ал күнүгө эрте менен балдар бакчасына барат. Аны атасы же апасы алып барат бакчага. Алар ишинен бошой албай калганда чоң энеси, ал сыркоолоп калса чоң атасы коштоп барышат. Иззат аларды минтип убара кылбай, тезирээк эле чоңоюп, мектепке барсам дейт. Быйылкы жайда ата-энеси жумушунан отпуска алып, […]

Насирдин Байтемиров:  Кирпи

АҢГЕМЕ Адам болсун, айбан болсун, ар кимдин сыры, кулк-мүнөзү, ал түгүл эмнеге жакын экени, колунан эмне келери бара-бара билинет. Момун болсо Арпачыны жегенден кийин алпарып талаага таштаса, аз эле убактын ичинде жапайы мышыкка айланып кеткени белгилүү. Кандек дале жүрөт. Анын зыяны жок. Пайдасы бар. Пайдасы бар дегеним, короого чоочун киши болсун, ит, ал түгүл мышык, мал болсун, такыр киргизбейт. Өзгөчө мал кирсе жаман да. Заматтын ортосунда кылгылыкты кылбайбы. Кыйла жылдан бери көгөртүп алган огороддун ишпалдасын чыгарат. Сындырып, бүлдүрүп кетет. Жегенинен […]

Темирлан Бейшенов: Кылыгын койбогон кыргыз

АҢГЕМЕ Таңга маал телефонум шыңгыраганынан алсам, бажам чалыптыр. Түнү менен такси айдап, таңга маал жаңы келгем. Телефон өчүрбөгөнүмө өкүнүп, жок дегенде аны албай эле койсомчу деп кейип, тулку-бой чарчап, өзүм да уйкусурап отуруп, бажамдын айтканынын көбүн түшүнгөн деле жокмун. Бажам быдылдап тез сүйлөчү, ушундай адамдар болот эмеспи, дайыма бир жакка шашкансып безилдейт. Бир гана: «Саат сегизге келип кал»,- деген сөзү кулагымда. «Макул, — дедим да, уйкуга баратып өзүмчө: Энеге макул дедим, башка бир шылтоону айтып кутулбайт белем?» — деп баш […]

Дилазык: Окуучулардын оюну

(Мевланадан бир аңгеме) Илгери бир мугалим болгон экен. Ал мугалим эч качан эс алууга чыкпаптыр. Ар күнү мектепке тыкан кийинип, даярданып келип сабак өтчү экен. Балдар анын сабакты калтырбай келип, тынымсыз сабак өтө бергенинен аябай жадашат. Бир-эки күн эс алгылары келишет. Бир күнү алардын бирөөсү: «Мугалимибиз ооруп калса, биз дагы эс алат элек. Бирок анын ден соолугу чың да! Кандай айла кылсак?» — дейт досторуна. Ошол учурда башка бир окуучу: «Эгер ал оорубаса, анда биз ага жардам берели. Биз аны […]

Лев Толстой: Эки соодагер

АҢГЕМЕ Бир жармач соодагер сапарга чыгаарда  сактап турганы өзүнүн темир-терсек мүлкүн бай соодагерге калтырат. Саякаттан кайткан соң, бай соодагерге келип, өзүнүн темир-терсек мүлкүн кайтарып берүүсүн өтүнөт. Бай соодагер бардык темир буюмдарын сатып ийген болчу. Шылтоо табуу үчүн ал минтти: — Сенин темириң күм-жам болду. — Кандайча? — Мен аны буудай сактаган кампага койгом. Анда чычкан деген жайнайт. Алар темириңди түгөлү менен жок кылышты. Темирди кантип кемиргенин өз көзүм менен көрдүм. Эгер ишенбесең, сен да барып текшер. Кедей соодагер талашып-тартышпады. Ал: […]

Касым Каимов: Мектеп жолунда

АҢГЕМЕ Бекен менен Алик удаа бала. Бекен быйыл экинчи классты бүттү… Алик али мектептин эшигин аттай элек. Алик өзүнүн кичүүлүгүнө карабастан дайыма агасына атаандашып жүрөт. Кийимди бирдей киет, таттыны көрсө андан мурда озунат. Эгерде Бекендин колунан жаңы топ же бир оюнчук көрсө талашат. Бербесе ыйлап отуруп алып коёт. Бирок өзүнүн колуна Бекенде жок буюм тийсе ага «ичиң, ичиң күйдүбү» деп, бербей суктанта баштайт. Бекен биринчи класста окуган жылы Алик суктантканда кадиресе чычалап калучу. Сабакка кызыгып, мектеп турмушуна, жаңы коллективге үйүр […]

Лев Толстой: Карга жана анын балапандары

АҢГЕМЕ Карга аралга уя салган эле. Балапандары жумурткасын чегип чыккан соң ал жөжө -каргаларды аралдан жээктеги жерге ташып өтүүнү чечти. Адегенде  балапандарынын улуусун чеңгелдей кармап, аны деңиз үстү менен алып учту. Кексе карга суунун ортосуна жеткенде чарчады. Канатын элдир-селдир  каккылап баратып, мындай ойго чарпылды: “Азыр менин алдуу-күчтүү  чагым. Балапанда каруу жок. Деңиз аркылуу аны алып учуп өтөм. Ал чоңоюп, күчкө толгондо мен улгаям да, күчтөн таям. Ошондо балапаным менин мээнетимди эстейби да, алпар деген жагыма  жеткирет болду бекен?”  Ушинтип кыялданган […]

Аскаралы Ражабалиев: Ай-Чырактын арманы

Жаным апам Байжигит кызы Саламаттын элесине гүлдестем (Аңгеме-жомок) Он жылдын жүзү, атамдын «шаты-тулпарга» мингенине. Үч эле жылдын айдыңы,  апамдын ак кушка айланып, маңги дүйнөнүн бейиш төрүнө учуп кеткенине. Жарыктык апамдын акактай тунук жүзү, балбылдаган көздөрү, энелик деми да ыпысык мээрими, бою-башына куп жарашчу көйнөктөрү (төтөнчө бадам гүлдүү көйнөгү) бир буума жапан жоолугу, шыпылдаган жеңил кыймылы, очок башында от табына бети тамылжып отурган  касиеттүү элеси көз алдымда эртели-кеч… …О мындан элүү жыл илгери. Жай мезгили. Атам түнү бою пахтага суу коюп, […]

Бектуруш САЛГАМАНИ: Митайым чычкан

АҢГЕМЕ Аябай куу, митайым чычкан жашаган экен. Өзү ар кандай жамандыктарды жасап, анан аны башка, айыпсыз бирөөлөрдүн мойнуна иле койгонго өтө маш, эптүү болуптур. Кожоюндун  жазында сепкенге  сактаган уруктук үрөнү кампада турчу. Аны  куу чычкан  байкап койгон. Ошон үчүн ал күндүзү кечке чейин уктайт да, түн ичи тыным албастан баягы каптагы жүгөрүлөрдү өзү  оюп жасап алган үйүнө ташый берди. Ошентип жүрүп,  жарымын ташып алганга жетишти. Бир күнү чычкан ташып алган  жүгөрүлөрүн  караса – бир-эки жыл иштебей эле жатып алып  жесе  […]

Евгений Пермяктын алакандай аңгемелеринен

Мурун жана тил жөнүндө Катянын эки көзү, эки кулагы, эки колу, эки буту бар болчу, мурду менен тили эле жалгыздан экен. – Чоң эне, айтсаңыз, – дейт Катя, – эмне үчүн бардыгы экиден, а эмне үчүн мурун менен тил бирден эле? – Йе, кагылайын неберем, – деп жооп берет чоң энеси,– сен көбүрөк көрүп, көбүрөк угуп, көбүрөк иш жасап, көбүрөк басып, анан аз сүйлөп, мурдуңду кереги жок жерге тыга бербесин деп ошондой жараткан. Түшүндүңбү? Шашма бычак Митя таякча жасамакчы болуп, […]

Евгений Пермяк: Машанын кантип чоңойгону

АҢГЕМЕЛЕР Кичинекей Маша бат эле чоңойгусу келчү. Аябай. Бирок канткенде чоңоёрун билчү эмес. Ал эмнелерди гана кылып көрбөдү. Апасынын туфлисин кийип ары-бери басты. Чоң энесинин үйгө кийген шөлбүрөгөн чоң көйнөгүн кийди. Чачын Катя жеңесиникине окшоштуруп тарады. Мойнуна шуру, колуна саат тагынды. Баары бир чоңойгон жок, бардыгы аны шылдыңдап күлүп жатышты. Бир жолу ал пол жууп көрмөк болду. Анан шыпырды. Шыпырганда да таптаза шыпырды, апасы таң калып мындай деди: – Машенька! Чын эле сен чоңоюп калдыңбы? Маша идиш-аякты мизилдете жууп, кургата […]