Акималиев Бекзат: Эне жүрөгү – чексиз  сүйүү

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Кара сөздүн чебери,  аалам алпы Айтматовдон ала турган сабактар санаса сансыз, ченесе чексиз. Бирок ар бир адам ой чабытына,   акылынын деңгээлине жараша кабыл алат эмеспи.  Айтматов жазган  ар бир чыгарма, ар бир аңгеме,  ар бир сөз жан дүйнөмө дүрбөлөң салып, ары суктантса, ары таңдантырат. Чыңгыз Айтматовдун акылмандыгы,  улуулугу, чеберлиги ар бир чыгармасында сокур адамга болсо да көрүнүп турат, сезилип турат. Албетте сабак алуу менен бирге аны  күнүмдүк жашоодо колдоно билүү керек. Мына ошондо Айтматов өзү айткан:            […]

Бекболотова Нурай: Энелик сезим

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Ак мөңгүлүү тоолор, комуз күүсүндөй мукам суулар, арчага оронгон токойлор, кызыл-тасыл гүлдөр жер бетинде жанданып жашоосун улагандан тарта адам баласы аалам айдыңына алгачкы кадамын шилтеп, бир ыргакта өмүр жолун улантып келет. Бул ары катаал, ары сырдуу дүйнө айрым учурда чырмалышкан чептей бекем маселелер менен саймаланса, бирде күн нурундай мээримге толгон дүйнө менен төшөлгөн. Жараткан жандай сүйгөн пендесин көптүн көзүн май кылган, сезимдерди толкутуп көшөрткөн окуялардын майданында сынап, күч кубатына, тагдыр табышмагын жандыра билүү акылына карап өзгөчө […]

Жыргалбаева Айдай: Айтматов – менин мугалимим

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Бүт тармакта күчтүү болгон инсандарды, келечектин ээлерин тарбиялоого, окутууга биринчи болуп кол сунган кадырлуу инсандар – мугалимдер. Ар дайым изденгичтиги, жаш баладай назик көңүлдүүлүгү менен айырмаланган камкор жандар. Алар кулачын ачса көкөлөп учуп кучак толгон аруу, күнөөсүз мотуракай наристелер жылуу нурларын чачырата учуп чыгышат. Мугалим деген инсанды, бүт дүйнө туңгуюктуу караңгы болуп турган кезде ааламдын нурлуу бетин көрсөткөн “жакшы” катары билем. Анткени мен оюндан башканы билбес тентек кезимде колумдан аярлай жетелеп, мага жашоонун жаңы сырларын ачып […]

Нурланбекова Каныкей: Калемдин курчу – изденүү менен акылдан

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Дүйнө жүзүндө көптөгөн кызыктуу, билимге бай энциклопедиялар кездешет. Мен учүн жашоого да, андагы ак менен караны үйрөтүүчү эң даанышман энциклопедия – бул Чыңгыз Айтматов жана анын улуу чыгармалары. Айтматов – күчтүү жазуучу, философ,  ташкындаган таланттын барып турган чеги, чечендиктин символу, кыргыз элинин мандайына бүткөн жаркын жылдызы. Мага бул таланты ташкындаган жаратмандын жазгандарынан «Жамиля» повести аябай таасирдүү болду.  Чыгарма ысык нан, улуу сүйүү жыттанган ыйык чыгармалардын бири.  Анда башкы каарман Жамилянын ошол мезгилдеги бүткүл аял затынын көргөн […]

Максат кызы Айназик: Жаратылышка кайдыгер мамилем менен кош айтыштым

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Дүйнө жүзүнө элибизди жар салып, атын чыгарып, төбөбүздү көккө көкөлөткөн улуу жазуучубуз, кылымыбыздын кайталангыс идеалдуу адамы, даңазалуу сүрөткер – улуу жазуучубуз Ч.Айтматов. Анын уникалдуу жазуучу экендигин чыгармада айбанаттан баштап Жер энеге чейин тил бериши, алардын ички сезимин сүрөттөөсү, аларда болгон сүйүү, мээрим жана ушул сыяктуу нерселерди окурмандарга жеткирүүсү баяндап турат. Мындай сүрөттөө өзүнчө чоң искусство десем такыр жаңылышпайт болушум керек. Анткени ар бир жазуучу мындай сапатка ээ эмес да. Менин оюм боюнча чыгармада окурмандарды тартып турган […]

Улукбек кызы Каныкей: Толгонайдай энемден таасирлендим

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Чыңгыз Айтматов кыргыздан чыккан, дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орду бар чыгаан инсан.  Ал жараткан чыгармалар, фильмдер, андагы каармандар адамдарда унутулгус таасир калтырды. Анын ар бир чыгармасы турмуштун уңгусунан алынган. Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли окуган, окуй да берет. Чыңгыз атабыздын чыгармалары абдан таасирдүүлүгү менен өзгөчө, алардын арасынан «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонай эненин образы менде өзгөчө таасир калтырды. Толгонайдын аялдык, энелик сезимдерин сөз менен жеткирүү кыйын. Анын үй-бүлөсү каардуу согуштун айынан жок болду. Ал күйөөсүн, андан соң балдарын кандуу […]

Таштанова Перизат: Айтматов – мотивация берүүчү

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Бул жарык дүйнөгө келген ар бир адамдын бешенесине ар кандай жашоо-турмуш жазылат тура. Кээде күлүп, кээде кайгырып, кээде бактылуулуктун туу чокусуна жетип, эч нерсеге алмашкыс сезимдерге бөлөнүп, айрым учурда жашооңду туман басып, жер жүзүнө батпай, өзүңдү керексиз сезип, жашоонун өйдө-ылдыйын жон териси менен тартат экен. Бирок, ошентсе да адам баласы бардык нерсеге туруштук бере алат, кандай гана кыйынчылык болбосун  тагдырга баш ийип, сыноолорду жеңе алат. Бирок, бул нерсени жеңе алганы дагы, тагдырга багынып бергени да бар. […]

Кожоева Ырысгүл: Танабайдын бейнеси – чыныгы адамдын бейнеси

Менимче, адабияттын түпкү манызы – адам болууга үйрөтүү. Ал эми залкар жазуучу, улуу инсан Чыңгыз Айтматов: «Мыкты жазуучу болуш үчүн адабияттын тамырын жакшы түшүнүү зарыл» — деп айткан. Анын пикиринде ар кандай өнөр адамынын башкы максаты – окурманды адам болууга үгүттөө, тарбия берүү, б.а. «адамдагы адамды ачуу» болуп саналат. Cүрөткердин бөлөк жазуучулардан өзгөчөлүгү, ал жазуучу болуу менен эле чектелбестен, жер кезип, дүйнө кыдырып, ар кайсы өлкөлөрдүн атактуу инсандары менен таанышып, маданият жана адабият жөнүндө жана башка маселелер тууралуу баарлашып турган. […]

Токторова Жаркынай: “Бетме-бет” тайманбас болууга чакырат

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары менен жалгыз гана кыргыз элине эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон. Ал эң мыкты деген повесттерди, романдарды жазып, өзүнүн көз карашын билдирген учкул сөздөрүн калтырган. Өз чыгармасындагы адамдарды, окуяны, айлана-чөйрөнү көркөм, түшүнүктүү, так кылып баяндаган. Ошондуктан, ал повесттердин мааниси терең, мазмуну күчтүү. Аны окуган бардык адамдар жан-дүйнөсү менен берилип, чыгарманын каармандары менен бирге жашашат. Каармандын кайгы-капасын да, кусалыгын, сезимдерин да билет, аларды түшүнүшөт. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан чыныгы жашоону көрүүгө болот. Кайсы […]

Самудинова Малика: “Биринчи мугалим” окууга үндөдү

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ар бир жазган чыгармасы жакшылыкка үндөп, окуп бүткөндөн кийин, жан дүйнөң болк этип, башкача таасир калтырат эле. Ар бир чыгармасы адамзатты жакшылыкка, эрдикке, адамгерчиликке, талыкпай эмгектенүүгө үндөйт. Анын ар бир чыгармасын кызыгуу менен, толкундануу менен ошол каармандар менен бирге жашап жүргөндөй болуп окуйм. “Ии эми эмне болот?”, “Жакшы аяктаса экен” деген ойлордун курчоосунда, толкундануу менен эртерээк эмне болорун билсем деп эртеңкиге калтырбай окуйм. Чыгармаларда ар кандай каармандар бар. Толгонайга, Сейдеге боорум ооруп, […]

Кубатов Дастан: Орозкул өзү күнөөлүү

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Менин эң сүйүктүү жазуучум бул – Чыңгыз Айтматов. Бул залкар жазуучуну тааныбаган бир да кыргыз жок болсо керек деп ойлойм. Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары аркылуу кыргыз элин дүйнөгө тааныткан. Дүйнө жүзүндө эки Чыңгыз болгон дешет, биринчиси Чыңгыз дүйнөнү кылыч менен багындырса, экинчи Чыңгыз дүйнө жүзүн калеми менен багындырган. Бул жазуучунун ар бир чыгармасы окурмандын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, ошол адамдын жашоосуна унутулгус сабак калтырат деп ойлойм. Ал ар бир чыгармасында көптөгөн мисалдар аркылуу адамдардын жашоосундагы кыйынчылыктарды, […]

Жолдошбек уулу Бектур: Азыркынын Майсалбектери кайда?

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна …Мен аны көп жолу окудум. Окуганда да жөн эле окуп койгонум жок. Берилип окудум, кызыгып окудум, сиңирип окудум… Алардын бактылуу күндөрүнө ортоктош болуп, кыйын учурунда жардамдашкым келип жүрдү. Эл менен кошо фронтко десе фронтко, тылда иштеш керек болсо тылда иштемекке макул болгон болдум. Чын эле, боорум ооруду, аядым, бир чети сыймыктанып, ыраазычылык билдирип жаттым. Боорум ооруганы – бир үйдөн төрт эркек болсо төртөө тең кан жыттанган согушка аттанса, башында кат жазып дайын-дарегин айтып жатканы менен төртөөнөн […]

Иличбекова Айгерим: Жашоонун энциклопедиясы – Ак кеме

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Бул жашоодогу, ааламдагы айтор, биз билген бардык нерселердин чеги бар деп эсептейм. Ооба, биз билген жумуш, жүрүм-турум жана башка бардык нерселер бир убакта токтойт. Бирок адам баласынын руханий дүйнөсү эч качан түгөнгүс нерсе. Биринчиси экинчисине аркак болуп жатып жашоонун не деген кызыктары жаралган. Ички дүйнөсү бай адам руханий жашоону биринчи орунга койгон, руханий кирлерден оолак болууга бел байлаган, дене кумары, жек көрүү, адилетсиздик, кыянатчылык аттуу оорулар менен күрөшүүгө даяр кичипейил инсан. Мен ал инсанды «Ак кеме» […]

Аалиева Алтынай: Ар бир адамга сабак болчу адам

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Дүйнөнүн төрт тарабына белгилүү, кыргыздын сыймыгы болгон, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары окуган адамдын жүрөгүнө жеткидей жазылган не бир сонун кереметтер. Бул керемет чыгармалар бирине бири окшобогон, маани-маңыздуу, көркөм жана турмушта сабак боло тургудай жазылган. Мен дагы бул чыгармалардан көптөгөн сабактарды алдым. Маселен, турмуштагы кыйынчылыктарга моюн сунбоону, чыдамкай, сабырдуу болууну дал ушул Чыңгыз атабыздын “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” деген чыгармасынан түшүндүм, тактап айтканда бул чыгарма мен үчүн чоң сабак болду. Анда Кирикстин чыдамкайлыгы тууралуу айтылат. […]