Конкурска: Түгөнбөгөн суроолор (№3)

*     *     * Ээрчип алып апасын Бакчасына баратып… Суроо берди түгөнбөс Адатынча жадатып: — Сиз да бала бакчага баргансызбы? — Барчымын. — Биздин үйдө анда мен Кимдер менен калчымын? *     *     * Беш жаштагы Нуралы Менден минтип сурады: — Бугулардын башына Дарактар да чыгабы? *     *     * — Мунун аты – мамалак, Сурай берип, жадатпа! — Мамалакты тааныдым, А папалак каякта? ОКШОШТУК Күн кылтыйып тоолордон Төккөн жамгыр токтоду. Конфет берсем, сооронгон Бөбөгүмө окшоду. БАШ БАЙГЕ АЛГАН СҮРӨТЧҮ Сүрөтчүлүк өнөрдү Колдогонду […]

Конкурска: Жазгы таңда (№2)

Ыкшоолонуп жылуу төшөк ичинде, Тургум келбей жаттым көпкө шып карап. Апам кирди сүт челегин көтөрүп, Эба-ак эле жарык болгон туш тарап. «Аталуу алты, энелүү эки тойду, бол, тургун балам!  Айда уйларды жайытка. Шартылдатып жумушуңду аткарып, келип анан сабагыңды дайында». Күрүлдөтүп сеператор иштеди, Күүсүн бузбай, колдор анда айланат. Меш үстүндө боркулдап чай кайноодо, Таңкы ырыскы бизде ушинтип башталат. 16. 02. 2020 Балдар адабияты боюнча жаңы конкурс

Конкурка: Тилмеч козу (№1)

Маараганын козунун Чечмеледи Самарбек: – Орусчалап чакырат, Апакесин  «Ма-ма» деп! КЫШТА Аяздуу кыш кычырап, Ичиркентти бүт баарын. «Үшүбөсүн» деп ойлоп, Китебимди тыштадым. МАЙРАМДА Майрам күнү Орозбек, Онго чейин уктады. Күрөң аюу сыяктуу, Түнт чээнден чыкпады. УЛАКБЕК Алты жашар Адилет, Абдан кызык кеп айтты. Эчкисинин улагын, «Улакбегим» деп айтты. ПИЛТАЙ Кандай сонун тамаша, Ким угуптур мындайды: Айтор, пилдин баласы «Пилтай» болот турбайбы?! ЭСИ ЖОК Досторумдун ичинен Эмилбектин эси жок. Үйдө калып китеби, Күндөлүктө «беши» жок! СҮРӨТЧҮ Ак барак  таппай Каныбек, Колуна […]

Молдо Кылыч: Бүркүттүн тою

Мурунку өткөн заманда, Жан-жаныбар аманда, Ар уруктун баарысы Эрки менен болгондо: Алсыздарын алдырып, Эси чыгып ошондо Булбул чечен ой кылды, Бүркүт баатыр той кылды. Ал жеткенин алдырып, Канаттуунун баарына Катуу бүлүк салдырып, Жагалмайды жиберди, Жалпы чоңдун барына Барып кабар сал деди. Үкү куштун жакшысы, Бабырган куштун бакшысы, Баары келсин деп айтты. Бүркүт баатыр улугу. Карчыга куштун камбылы, Кошо келсин деп айтты. Ылаачындай алгыры, Ителгидей илгири, Бу да келсин деп айтты. Кыргый келсин кыпылдап, Турумтай келсин шыпылдап, Куркулдаган кузгуну Карышкырдын жолдошу […]

Токтосун Самудиновдун «Чаң баспасын сѳздѳрдү» аттуу эмгегинен II

АРАШАН Нарзан суусу элестейт АРАШАН деп сѳз чыкса. Ушинтип да коюшат Ѳтѳ эзилип эт бышса. Булап чыккан боз үйдѳн Боз түтүнү – дарыдай. Арашанга айланткан Арча отундун табын ай! КѲЛДѲЛѲҢ Кош маанилүү сѳздѳр кѳп Укпагандар тыңдасын. Тери болсо саксагай, Кѳлдѳлѳң дейт, бул да чын. Билбейт экен бирок да, Бир классташ курдашым Ѳзү жүргѳн кѳчѳнүн КѲЛДѲЛѲҢҮН – туурасын. КУРМУШУ Балдар бардыр арада КУРМУШУНУ билбеген. Бул сѳз – кийиз тууралуу Эскирген да, кирдеген. Байыртадан элибиз Кийиз жасап, күн кѳргѳн. Мүйүз оюм түшүрүп, […]

Токтосун Самудинов: Адептүүлүк Алиппеси

 ЖАГЫМДУУ СӨЗДӨР Эзелтеден элибиз Жалыны күч сөзгө бай. Жашап келет кылымдап Сылык-сыпаа кеп далай. Айта бил деп үйрөттүк Балдар менен кыздарды: «АССОЛОМУ АЛЕЙКУМ!» Же, «САЛАМАТСЫЗДАРБЫ!» Ылайыктуу бүгүн да Ырасмини карманыш. Илгери эле бар экен Учурашуу: «АРБАҢЫЗ!» Кээ таанышка таң эртең Кезигишер кез келет. Андай чакта, албетте: «КАЙЫРЛУУ ТАҢ!» деш керек. А эгерде жолуксаң Жолдошуңа кечинде… «КЕЧ ЖАРЫК!» деп айтарың Дайым болсун эсиңде. Элпектикке эмитен Өзүңдү өзүң көңдүргүн. Улууга орун бошотуп, «ОТУРУҢУЗ!» дей билгин. Январда, Ноорузда Жаштыр, мейли карыдыр… Бир-бирине кайрылат: […]

Токтосун Самудиновдон балдарга базарлык

ЖАҢЫ ЖЫЛ Күндѳй жылуу үй ичи, Сыртта бороон, сыртта кар. Саймалаган, түрлѳгѳн Аяз деген уста бар. Ырдап жана бийлесек Балатыны айланып, Оюнчуктар асылган Бизди карайт таңданып. Кары дебей, жаш дебей Куттуктаган бир-бирин Жымың этип жылдыздай Жыл жаңырткан күн бүгүн. ВЕТЕРАН Айнеги бар кѳзүндѳ, Ордени бар тѳшүндѳ, Али жүрѳт оорутуп, Жоонун огу этинде. Ѳткѳн күндѳр баянын Айтып бер деп сурансак, Кызык-кызык кеп салып, Куудул сүйлѳп кубантат. Токсон жашка келсе да Аппак сакал ал кары Ѳстүрүүдѳ бапестеп Алча менен алманы. Салам берип […]

Токтосун Самудиновдун «Чаң баспасын сѳздѳрдү» аттуу эмгегинен I

Уламадан уккан сѳз, Улам бирге жуккан сѳз. «Манастан» Карылардын оозунда – Шекер, шербет, бал болгон. Эр жигиттин оозунда – Намыс менен ар болгон. Касиеттүү эне тил Аруу, таза сезимдей. Кылым бойлоп келесиң Кыргыз атын ѳчүрбѳй. Бой тумардай санайбыз Кадыр тутуп ѳзүңдү. Кѳп колдонбос буюмдай Чаң баспасын сѳзүңдү. КАЙЫРМА Ар жандыкты илгертен Айырмалашат чечмелеп. Ѳз-ѳзүнчѳ ат коюп, Ургаачы, эркек деп бѳлѳт. Мергенчинин баянын Сен да эмесе тыңдачы: Сымбаттуусун койкойгон, АРКАР дешсе – ургаачы. Буржук моюн, багалчак, Мүйүздүүсү – КУЛЖАСЫ. КОРОЗ менен […]

Самуил Маршак: Шакекти ким табат?

Тепкич ылдый тегеренди, Токтобостон тоголонду, Оля кыздын шакеги. Кыз чыйылдап чебеленди: — Таптырбастан жоголобу, Кайда кетти ал деги? Ким издейт да ким табат, Кубандырат ким мени? — Мен, — деди мышык мыйолой. – Мештен ыргып түшөм да, Үй ичинен өтөм да, Тепкич ылдый секирем, Шакегиңди таап берем. Жыла албайм бирок ордуман, Чычкан аңдып отурам, Чыгабы деп коңулдан… Үзүлдү үмүт мышыктан, Ал ошондой кызык жан – Көзүн албайт кычыктан… Оля кайра чебеленди: — Шакек кайда тегеренди, Ким издейт да ким табат, […]

Самуил Маршак: Макоо чычкан жөнүндө жомок

Түндө чычкан алдей айтат коңулда: — Мөндөлөйүм уктай койгун, уктагын, Уктап турсаң наның болот колуңда, Ширин тамак болот таңда татканың. Мөндөлөйү жооп берет момундай: — Апакебай, үнүң ичке чыйылдап, Ырдаганча тим коюңуз ырдабай, Андан көрө бала баккыч мага тап. Чычкан эне чуркап барып көлмөгө, Сүзүп жүргөн бир өрдөктү чакырды: — Өрдөк эне, кирип биздин бөлмөгө Карап бергин мөндөлөйчик баатырды. — Карк-карк-карк-карк уктай койгун мөндөлөй, Жаандан соң терип берем сөөлжан. Өрдөк ырдайт, бала чычкан эч көнбөй, Уккусу жок, көзүн жумбайт чакчайган. […]

Садырбек Турдубек уулунан балдарга базарлык

МАТИЗ Кубантайдын үйүндө, Көп кулун тууду бээлери. «Күлүк ат чыкса булардан, Кубантай сен мин ээ?» — деди. Кубанды досум Кубантай, Кунанды көрүп береги. Ээ ата бизде кулун жок, Эмнени минем мен эми? Машинаңыз же эмне, «Матизди» тууп береби? БУЛУТТАР Калтырып коюп жумушту, Карашты балдар булутту. «Кандай болот болду экен, Коюубу же суюкпу? Анда айтты Жумабек: Мен билем муну мына! — деп. «Тоолордун ары жагында, Дөөлөр от жагат тура.» — деп. «Калп айткан жокмун бүтүндөй, Калбагыла түшүнбөй. Карагылачы булутту, Көрүнүшү түтүндөй.» […]

Жекшенбай Курмановдон балдарга ыр белек

ЖЕЛ Шырп чыгарбай дабышын, Шыдыр таштап арышын. Жолдо катар өпкүлөп, Жолуккандын барысын. Жүкөн сымал энтеңдеп, Жүгүрө берет жел тентек. ДОС КҮТСӨҢ Мындай санат козголду, Бек кысышып кош колду. Эшек, карга, торопой Эзилишип дос болду. Анан мындай басканда, Учту карга асманга. Эшек кетти күлүнө, Торопой жер касканга. Уккун Асан, Алашым, Баарың эстүү баласың. ушулардай дос күтсөң, Уят болуп каласың. СААТТЫН ЫРЫ Таң эртеден чырылдап, Тургандагы себебим: Ушул биздин балдардан, Уйкучу эле Белегим. Сабагына кечикпей, Эрте барсын дегеним. ТООКТУН ЫРЫ Жөжөлөрүм — […]

Жекшенбай Курмановдон балдарга базарлык

БИЛИП АЛГЫН БӨБӨГҮМ Айран, сүттүн, кымыздын, Аты жалпы Ак делет. Терек, талды, дөөлөттү, Бириктирсе Бак делет. ♦ ♦ ♦ Кымыз бышат апалар, Туруп алып заарда. Эмне делет ал буюм, Аты окшош шаарга? (Бишкек) ♦ ♦ ♦ Бири-бирине беттелген, Бир кишиге эптелген. Тегерек эки ташка биз, Айлантып талкан тартабыз. Эмесе ошол буюмду, Эмине деп айтабыз? (Жаргылчак) ♦ ♦ ♦ Ийленген таза териден, Ун салгыч деп жасалчу. Сурасаңар бул буюм, Супара деп аталчу! ♦ ♦ ♦ Борук койдун байкеси, Билбесеңер ирик делет. […]

Шайлообек Дүйшеев: «А» дан «Я» га чейин (3-4-5-сабактар)

(Тил сөздүк) <<<<< 1-САБАК <<<<< 2-САБАК Айнек алкак—рама, Аңгек деген—яма. Мастан деген—яга, Сүйрөгүчтөр—тяга, Жаракатың—рана. Уурдалганды—кража, Ным дегениң—влага. Күчаланы—брага. Кана, дагы кимдер айтат? —Общежитие? —Жатакана. —Соттолгон жай? —Жазакана. —Кичик чөмүч? —Ковшик болот. —Жаан-чачынчы? —Дождик болот. —Младенец? —Бөбөк болот. -А зайчонок? —Бөжөк болот. —Чужой деген? —Бөлөк болот. —А бөйрөкчү? —Почка да. —Чекит деген? —Точка да. —Колыбель как? —Бешик болот. —Отверстие? —Тешик болот. —Остатки пищи? —Кешик болот. —А двер как? -Окно, эже? —Терезе эмес, Текебаев, Дверь деген –эшик болот. —“Бел?” дегенди эмне дейбиз? […]