Тофалар эл жомогу: Багыш менен кабарга[1]

Тайгадан багыш менен кабарга жолугуп калышат. Багыш айтат: – Сен эмне мындай кичинекейсиң, шалпаң кулак? Алдагы түрүң менен биздин бугулар тукумун бузуп! Сапсагай түгү үлпүлдөк кабарга, өйдөгө карап айтып турганы: – Сен колтоюп турганың менен, агер түгүбүздү санаша келсек, сенин жүнүң меникинен аз… Тайга боюнча өзүндөй чоң жаныбар жок экенине бекем ишенген багыш менменсинет. Ордунан копшолот, чоюлат, керилет. Башын бийик көтөрөт. Мүйүзү те асманды сүзчүдөн бетер калдаят. – Э-э, эмне дегиң бар, балакай, – дейт басынта сүйлөп. – Жүнүбүздү теңешип […]

Латыш эл жомогу: Экинчи үндүк

Помещик бир кембагалдан пасторго эки үндүк берип жиберет. Анысын тастыктаган катты да колуна карматат. Кедей жолдон үйүнө бурулат. Бул учурда анын үй-бүлөсү ачка отурган болчу. Атасынын жолдуу келгенин көргөн балдары сүйүнгөн бойдон курчап калышат. Аялы да жетине албай жүрөт, тимеле кубанычы койнуна батпайт. Кедей бул үндүктөр өзүнө тиешелүү эместигин айтмакчы болот, бирок балдарынын кубанычына суу сепкиси келбейт. Андан көрө пастордун каарына калууну туура көрөт. Ошентип бир үндүктү үйүнө калтырууга туура келет. Жолдо катар Кудайдан кечирим сурап, бул кыйындыктан чыгарууну өтүнүп, […]

Конкурска: Эки дос (№9)

ЖОМОК Илгери, илгери эки дос болуптур. Алар бала кезден чогуу ойноп, чогуу жүрүп чоңоюшат. Бир үзүм нанды бөлө жеген ынтымактуу достордон болушат. Жылдар суудай агып, бат эле жигит куракка жетишет, үй-бүлө күтүшөт. Достордун бири дыйканчылык менен алектенсе, экинчиси мал багууга шыктуу болот. Жашоо шарттары, кызыгуулары ар башка болгонуна карабай экөөнүн достугу чыңала берет. Ошондой күндөрдүн биринде малчы достун жандыгы тез эле көбөйө баштаганын дыйкан дос байкайт. — Оо дос! Мал-жаның күн санап өсүп жатат. Кубанып турам… Бирок? Бирок, жандыктарыңдын мынчалык […]

Латыш эл жомогу: Макоо

Бир макоо энеси менен жашаптыр. Эр жеткенде дароо эле бойдокчулук менен кош айтышмай болот. Бирок кыз менен сүйлөшө албайт. Алар жигиттин маңыроолугун кебетесинен эле байкагандыктан – жанына жуутушпайт. Ошентип колоктоп көпкө жүрүп калат. Бул коко тикендей неме минтип колукту албай коколой башы менен өтөрүн сезген эне келинди өзү издемей болот. Кетип атып макоого үй-жайга жакшылап көз салып, өзгөчө жумуртка басып жаткан казды жакшылап кароосун, ага уяны таштап кетүүгө жол бербөөсүн тапшырат. Ошентип макоо үйдү сак-сактап калат. Бир кезде макоонун алаксып […]

Тофалар эл жомогу: Айбанаттар кеңеши

Бир курдай Бурхан баардык жаныбарларды жыйнап, айбанаттардын падышасын шайламай болушат. Үкүнү падыша кылмай болушат. Бирок анын көзү бажырайып чоң болгону менен күндүзү көрбөйт эмеспи, ошондон улам үкүнү падышалыкка шайлоо ишке ашпай калат. Коёнду падыша кылалы деп чечишет: бирок ал өтө эле коркок да. Багышты падышалыкка көрсөтүшсө, анысы айтат: – Карышкыр артыман түшүп жүрөт, демек ал менден кыйын. Андан соң аюуга сунуш кылышса, анысы айтат: – Туугандар, мени кантип падыша шайлайсыңар, мен өз курсагымды тойгуза албай жүрсөм. Ал тургай ушул жыйыныңарга […]

Кыргыз эл жомогу: Карасанатайлыкпы же кара жемсөөлүкпү

Бир кездерде арстан, карышкыр, түлкү аябагандай ынак болуптур. Кенедей тамак табылса, нысап менен бөлүшүп жегенге үйрөнүшөт. Бир жолу үч дос жортуулга жөнөшөт. Көп мезгил өтпөй жолдон бир козулуу кой, келишкен кочкорго кезигишет. Үчөө тең кубанычка батып, күлүңдөп бири-бирин карашат. – Кана, көк жалым, бул олжону эми кандай бөлүштүрөбүз, сөз сенде, – деп арстан карышкырды карайт. Карышкыр буйдалбай туруп буга мындай деп жооп берет. – Кочкор – сиздики, кою – меники, козусу – бечара түлкүнүкү. Арстан карышкырдын бул сөзүн жактырбай, ачуусу […]

Өзбек эл жомогу: Кимдин түшү жакшы?

Бир күнү Алдар Көсө мергенчиликке чыгат. Кечке жүрүп жолу болбой кайтып келатса үстүнөн каздар учат. Алдар акең мээлеп мээлебей атып жиберсе, бир семиз каз алдына топ этип түшүп, ушундай бир кубандырат дейсиң, тимеле өзүн бактылуу сезет. Бирок, олжосун жерден алгыча болбой кайдан-жайдан чоң курсак бай пайда болуп, сөөмөйүн кезей зекийт: — Эй, менин жеримдеги казды эмнеге алганы жатасың? — Байым, сенин жериңде жатпай эле өзүм атып түшүрдүм, демек каз меники, — дейт Алдар жан талаша. — Аныңды билбейм, менин жеримдегилердин […]

Конкурска: Келме кезек (№7)

ЖОМОК Мартбек карыган ата-энесинен айрылып, жетим болуп өстү. Балапан эти ката элек, балтыр эти толо элек тестиер чагынан бодо мал, жылкы багып, байга жалданып жүрөт. Эмгегине үй ээси жылына ондон кой-козу бөлөт. Бала аларды байдын малынан бөлбөй, чогуу кайтарып, чыгымга учуратпай, бирге багууга көнөт. Эгерим эс алууну билбей, күнү-түнү мээнетти жерибей, жандыктарын улам көбөйтөт. “Жетим – жетилет. Өнөрлүү — өлбөйт, жалкоонун жолу болбойт, иши оңбойт” – деген накыл мээсине кыттай орнойт. Колу бошто китеп окуп, кой-эчкинин, бодо мал, жылкынын эти […]

Литва эл жомогу: Жамгыр менен шамал

Кедей кетип баратып көпүрөнүн астынан бирөөлөрдүн урушкан жаң-жуң үнүн угат. Ал жакка карагысы келбеген кедей жөн гана “Ден соолукта бол!” деп жолун улайт. Ошентип кетип баратса артынан алиги урушкан немелер кууп жетип сурап турат: — Кимибизге ден соолук кааладың? — Жөн гана шамалга айтып койдум. Бул арттан келгендер жамгыр менен шамал болчу. Муну угары менен шамал мактана баштайт: — Мына, айтпадым беле, мага ден соолук каалады деп. Ошентип кедейге ыраазы болгон шамал узап кеткен анын артынан кубалап жетип мындай дейт: […]

Сулайман Рысбаев: Чамынды

ЖОМОК Бир уста бар экен. Ал кооз-кооз үйлөрдү куруп, жыгач менен темирге оюу салып, жөнөкөй эле колу менен адам таң каларлык иштерди жасачу экен. Ошондой болгону менен, ал колу тар, аябай сараң болуптур. Тапкан акчасынан эч кимге карыз бермек түгүл, кайырчыга да бир тыйын бербей, бар туруп жок дечү экен. Ошон үчүн го, ал канчалык акча тапса да, түк байыбаптыр. Күндөрдүн биринде ошол «сараң уста» бир байдын чоң үйүн куруп бүтүрөт. Бай устага абдан ыраазы болуп, эмгеги үчүн көп акча […]

Конкурска: Каниет кылган – бактылуу (№6)

ЖОМОК Бир эмгекчил адам арпа, буудай жана жүгөрүнү көп айдады. Күзүндө абдан көп түшүм алды. Кампалары эгинге толду. Ошол жерде бир ач көз келемиш жашачу. Ал дыйкандын кампасынын түбүнөн ийин касып, күнү-түнү ийнине эгин ташып жатты. Ташыган эгини ийинине батпай, ал тургай, өзү жатарга да орун калбай калды. Анан ийинин улагасынан эптеп орун жасап алды да, өзүн абдан бактылуу сезип, уурдап тапкан байлыгына манчыркап жашап жатты. Бир күнү коңшу ийиндеги келемишти конокко чакырды. — Карачы, кошунам, мен быйыл жылдагыдан көп […]

Герцоговина эл жомогу: Эро менен түрк

Эро деген эр киши бар эмеспи. Ал бир күнү эшегине жүк артып базарга баратып, көпүрөгө жеткени калганда эки өгүз кошкон буурсуну менен жер айдап жүргөн түрктү көрөт. Түрк да Эрону көрүп, үнүн көтөрө сүйлөп тийише кетет: — Өш, өлөт алгырдын өгүзү! Силерге караганда Эрону кошсом эртерек бүтмөкмүн. Укса да укмаксанга салган Эро бул көпкөн немени жазаламакчы болуп, көпүрөгө жеткенде эшегине камчы салып наркы жээкке айдап жиберет да, өзү тизелей калып чөк түшүп, кыйкырыкты салат: — Кудайым ай, Кудайым! Эми эмне […]

Баарыбыз үчүн: Жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

<<<<< Башы Штирлицев өзүнүн коркоктугун кантип жеңгендиги тууралуу жомок 9-15 жаштагы өспүрүмдөр үчүн. Ар нерседен корккон, өзүнө ишене бербеген, жалтаң өспүрүмдөргө арналат. Чечүүчү фраза: «Корком!» Айласы куруган Штирлицев Базилиону кармап алды да, мектепке көтөрчү баштыгын жонуна илип, ошол жардам берчүдөн бетер мышыкты бооруна бекем кысып алды. Аңгыча эле… — Мени эмне мыжыгасың?! – деген нааразы болгон ичке үн чыкты. Штирлицев таң кала тегерегин карады. Көчө мурдагыдай эле ээн, айланада эч ким жок. Базилионун жашыл көздөрү аны жаман көрүп карап турган. […]

Баарыбыз үчүн: Жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

<<<<< Башы Егор-чымын кыргыч козу карын, Маша аттуу кыз жана Көк Бөрү, маралдар жана учкай эскерилип кеткен Чоң эне жөнүндө окуя 9-16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн Кимге багышталат: Өзүнө ишенбеген, өз күчүнөн шек санаган, өзүн элден кем саноого көнгөн жана өзүн эч кимге кереги жок сезген өспүрүмдөргө арналат. Чечүүчү фраза: «Менин эч кимге керегим жок». Калуганынбы, мүмкүн Твердинби же балким Туланын жанындабы, айтор чытырман, калың токой болуптур. Ал ушунчалык чытырман жана калың болгондуктан, жадагалса ал жакта токой мектеби да жок экен. […]