Насыйкат: Макаренко жана биз

1988-жылдын 13-мартында көрүнүктүү педагог жана жазуучу Антон Семенович Макаренко жарык дүйнөгө келиптир. Ал өзүнүн кыска жашоосунда балдарды тарбиялоо багытында көп иштерди жасаган, анын эмгектери бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек жана мындан ары да элге кызмат өтөй берери айдан ачык. Ал темир жол мекемелеринин жумушчусунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген экен. Кремчуг шаарындагы темир жол училищасына кирип, ал жердеги мугалимдердин бир жылдык курсун аяктайт. Ошол эле окуу жайында орус тили, сүрөт жана чийүү мугалими болуп эмгектенген. Түштүк темир жолдорундагы мугалимдердин курултайын […]

Эстер Войджицки тартуулаган супер ийгиликтүү балдарды тарбиялоонун купуя сырлары

Саламатсыздарбы, ата-энелер! Эстер Войджицки деген ким деп сурайт чыгарсыздар. Анын көп адистиги бар, анын бири – таланттуу педагог. 1984-жылы Пало-Альтодогу мектепте иштеп жүргөндө Стив Жобсту шыктандырган дал ушул айым болгон. “Силикондор талаасынын киндик энеси” деп мына ушул айымдын атын аташат, анткени анын окуучулары ушул даңазалуу жерде өзүлөрүнүн инновациялык идеяларын ишке ашырышкан. Бирок эң негизгиси, Эстер эне катары өзүнүн супер ийгиликтүү балдарын тарбиялап чыгарган: улуу кызы Сьюзен — YouTube генералдык директору, дал ушул Сьюзендин гаражында Гугл жаралган, кийин дал ошол Сьюзендин […]

8-Мартка карата: Таенем

“Элмишим жүрөөт эркелэ-эп, ээй, Макунуум жүрөөт малпайыып, ээй, Айжаныым жүрөөт аӊкайып ээй”, – деп ичи ысып кеткенде бизди, жээн неберелерин эркелетип ырдап калар эле. Турмуштун өйдө-ылдый толкуну менен карындашым, бөлөм, мен болуп чогуу жигиттин дагы бир журту тай журтумда чоӊойдук. Үйдө ат бар, эшек жок, ит бар, мышык жок, кой бар, эчки жок. “Эмнеге” дегенде таятам ошол “жок” жандыктарды адамга пайдасы аз деп үй жандыгы катары көрчү, баккан дагы эмес. Чынында атка фляга артып булактан суу алып келе албайсыӊ, токойго […]

8-Мартка карата: Кичи мамлекеттин куралышы

Апам сегиздин базасы менен борбор шаардагы 3 жылдык медициналык училищени аяктагандан кийин, Кочкордогу тубдиспансерде иштегени жиберилет. Атам да ал кезде Кочкордо ооруканалардын биринде фельдшер катары иштеп жүргѳн болот. Ушу тубдиспенсерге бѳлүнгѳн 11 кыздын ичинен атам апамды жактырып, ала качып алган экен. Ошентип, 1968-жылдын август айында Токтоматов Сопубек менен Сексенбаева Жийдекан аттуу кичи мамлекет куралган экен. 1969-жылы жаз бүтѳ жаздап калганда, жаш үй-бүлѳ кѳчкѳ даярдана башташат. Ошондон тарта атам менен апамдын ар тараптуу дарыгерлик кесиби башталган экен. Негизи бул кѳчмѳ ооруканага […]

8-Мартка карата: Менин эки кайненем

Жолдошумдун атасы эрте каза болуп калгандыктан, менин жолдошум кайнатамдын бир тууган эжесинин тарбиясын көргөн. Турмушка чыгардан мурда  жолдошумду багып, тарбиясын берген эжесине жагып калганмын. Атам менен апамдын алдына ата ордуна ата-апа болуп алдыларына түшүп, сөйкө салып бизди үйлөндүргөн адам. Мага эже эмес, апа дешиңди каалаймын деди. Мен ошол күндөн баштап апа дедим. Апам өмүрүн кыргыздын кино  тармагына – маданиятына арнаган, сүрдүү, салабаттуу аял Зина Касыманкулова. Өтө так, жоопкерчиликтүү, ар бир иштин майын чыгарып иштеген, дасторкону жайылган адам. Апамдардын коломтосуна келин […]

8-Мартка карата: Апалар балдарына бейишке жеткирер нурун чачып кете берет экен

Апам өмүр бою тамекиде иштеди. Ноокатта, союз кезинде. Кечээ тамеки үзүп-тизип келип, бүгүн төрөп-түшүп, эртеси белин бекем бууп алып аңызга чыгып кеткен социализмдин коммунизмге алданган муунунан болду. Он баласын ошентип төрөдү. Курорт түгүл, элүү чакырым Ошко ойноп да барган жок. Тамеки, анан бала – ушул эки нерсе өмүрүн кыскартып, ден соолугун жеди. Жаш туруп ооруп калды. Жаш туруп карып калды. Айыкпас ооруга чалдыкканын сезгенде «ден соолугуңарды карагылачы» дей берди. Анын бир гана кубанычы, бир гана майрамы болор эле – балдарын […]

8-Мартка карата: Берекелүү кол

Апа туралуу эң бир кооз, кереметтүү сөздөрдү жазсак да, айтсак да жетишсиз. Турмушта бир гана адам бар, сен үчүн баарына даяр, миңдеген күнөөлөрдү кетирсең да баарын кечире билген, сени менен кошо ооруп кошо санаа тарткан, өзү ичпей сага берген, өзү жебей сени жедирген, өзү кийбей сени кийинткен жашообуздагы жападан-жалгыз адам! Менин бардык кыял-жоругума чыдап, бапестеп, кыз-уулдардын энеси болсом да дайыма менден мурда телефон чалып бир эле мени эмес балдарымдын, жолдошумдун ден соолугун сурап, алардын бактысын тилеп турган тоодой бийик, жоомарт, […]

8-Мартка карата: Таарынбай туруңуз, апа!

Убакыт абалкы шаанисин бузбай, мейкин экөө бирин бар, бирин жок кыла, тереңдерде, элестерде гана кымгууттана закымдаганы закымдаган. Кайда барат… таң?! Дал ошентип чар тарапка урунду-беринди болуп, бирде көк менен жер арасына батпай, бирде бут алдыда тебеленген кумурска кейип кийип… жүргөнүм жүргөн. Шонтип жүрүп канча өмүрлөр ыйлатып кайра сүйүнтүп – алдап-соолап атып, улам жылт коё берди. Дендароо кылган мезгил шарында агындыдай сулк аккан күндөрүм канча?.. Ошол, бирде тынбай шаркыраган дайрадай, бирде чаалыкпаган тулпардай сызган мезгилдин туяк алдында мени мен кылган апамдын […]

8-Мартка карата: Баарыбызды бириктирген энем!

Энем! Ар бир небересине динди үйрөткөн, келме айттырган, аяттарды жаттаткан адам. Ар бирибизди эмгекчилдикке үйрөткөн адам! Ар бир баласына, небересине, чөбөрөсүнө чейин токсон жашына таяп калса да китеп окууну үлгү катары көрсөткөн адам! Энеме качан учурашканы барбайын, баш жагындагы үстөлүнүн үстүндө китеп турган болот, же көз айнегин тагынып берилип китеп окуп олтурган болот, же энемди караган Рая эже энеме китеп окуп берип олтурганын көрөсүң! Кандай улуулук, токсон жашына келсе да бизге – ар бирибизге билим алгыла, окугандан жадабагыла, ак эмгегиңер […]

8-Мартка карата: Энем ушундай энем эле…

ЭССЕ Мен туулганда атам өз апасы менен таенесиникинде жашап жүрүптүр. Анан атамдын таенеси, элдин баары айткандай, «Ширин кемпир», анда 84 жашта, сыркоолоп төшөк тартып жатыптыр, жаз болсо, ушул Аптикаримди жетелеп, Кепе-Дөөдөн гүл терет элек деп кышта кыял кылып жүрүп, ошол жазга жетпептир, байкушум. «Өлбөгөн кулга жаз келип», мен басып кетипмин да, Ширин кампир мени ээрчите албай, жаналгычты ээрчип кетип, Чардана деген көрүстөнүбүздөн жай алыптыр… А мен ушул күнгө чейин ал кемпирдин кабыры кайсыл экенин да сурап койбопмун. Канткен менен ошол […]

Баарыбыз үчүн: Жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

<<<<< Башы Егор-чымын кыргыч козу карын, Маша аттуу кыз жана Көк Бөрү, маралдар жана учкай эскерилип кеткен Чоң эне жөнүндө окуя 9-16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн Кимге багышталат: Өзүнө ишенбеген, өз күчүнөн шек санаган, өзүн элден кем саноого көнгөн жана өзүн эч кимге кереги жок сезген өспүрүмдөргө арналат. Чечүүчү фраза: «Менин эч кимге керегим жок». Калуганынбы, мүмкүн Твердинби же балким Туланын жанындабы, айтор чытырман, калың токой болуптур. Ал ушунчалык чытырман жана калың болгондуктан, жадагалса ал жакта токой мектеби да жок экен. […]

Сэм Макбратни: Мен сени кандай жакшы көрөм, билесиңби?

Жатып уктоочу мезгил да келген, коёнек энесинин уп-узун кулактарынан кармап өзүн көздөй чойду. Анткени апасы аны сөзсүз угуп жатканын билиши керек эле. — Мен сени кандай жакшы көрөм, билесиңби? — Албетте билбейм, кичинекейим. Аны мен кайдан билмек элем?.. — Мен сени момун-дай жакшы көрөм! — коёнек кулачын кенен-кенен жайды. Бирок энесинин кулачы аныкынан чоң да. — А мен сени момун-дай, — деди ал да кулачын кенен жайып. «Ух, кандай чоң», — деп ойлоду коёнек. — Анда мен сени момун-дай жакшы […]

Орозали Сайдилканов: Мээримдүү жүрөк – табылгыс байлык

♦ ♦ ♦ Баланын шоктугу жана таарынчактыгы эң жакшы сапаттар деп эсептейм.  Анткени,  биринчиси,  турмуштун өйдө-ылдыйын башынан эрте өткөргөн, тажрыйбасы мол,  токтоо,  экинчиси,  өзүнүн көз карашы,  ойлому бар,  аны коргой билген мыкты инсандар болушат. ♦ ♦ ♦ Билимге баланын чаңкоосун,  керектөөсүн,  каалоосун,  муктаждыгын жаратмайын ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес. Бул мугалимден кесиптик чеберчиликти,  ата-энеден камкордукту талап кылат. ♦ ♦ ♦ Баланы сүйө, түшүнө билген,  анын мыкты адам болоруна ишенген адам гана мугалим боло алат. ♦ ♦ ♦ Бала жөндөмсүз төрөлбөйт.  Анын […]

Баарыбыз үчүн: жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

<<<<< Башы 3. Жаакча 12-17 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМДӨР ҮЧҮН Өзүн башкалардан төмөн сезген, сырт келбетине нааразы болгондорго… Чечүүчү фраза: «Менин кебетем суук!» Кадимки эле күндүн нуру, адамдардын “кол бошобойт” же “эртең жууйм” деген шылтоолорунун айынан бозала болгон кадимки терезенин айнегинен тепчип өтүп, кадимкисиндей эле кимдир-бирөөнүн жаакчасын жылытып жатты. Бирок ал Жаакчаны кадимкидей эле жаак деп айтышка болбойт. Таптакыр болмок эмес. Ал башкалардан айырмаланып, көп нерселерди жасаганга жөндөмдүү болчу: бир кызарып, бир бозоро алчу, бүдүрөйө түшчү, анын да кандай абалда болорун болжоп […]