Аскаралы Ражабалиевдин повесть-поэмасы

Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём. Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат. Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде… Ал эми «Бейиш төр» деген салмактуу чыгармасын окумуштуу Абдыкерим Муратов тамыры терең иликтөөнү жазгандыгы сиздерге белгилүү. Абдыкерим агай кара сөзчү Аскаралы Ражабалиевдин көлөмдүү адабий эмгегин ар тараптуу ачып берди. Абдыкерим […]

Куба эл жомогу: Кээде дүлөй көрүнүп койгонуң туура

Бир поп кол алдындагы кызматчысы кайыр садаганын акчасынан уурдап жүргөнүн билип калып суракка ала баштайт. — Ыйык идишке эмне үчүн кол салып, күнөөгө батып жүрөсүң, көр пенде? Поп чокунуу залынын аркы башында турган, андыктан аралык алыс болчу. Кыйын абалга кабылганын билген кызматчы укпамыш болуп арамзаланат: — Ыя, эмне дейсиз? Бул жерден угулбай жатат. — Кулагыңа кебез тыгып алдың беле, көр пенде! Эмне үчүн ыйык идишке кол саласың? — Ыя, эмне дейсиз? Угулбай атат! — Сеники жакшы эле угулуп атпайбы! Эмне […]

Амалкер аял

Түрк жомогу Илгери бир аял жашаптыр. Ал бирөөлөрдү алдоо менен күн көрүп, ошол алдоо менен акча таап, анан ошол тапкандарын көчө таптар ишсиздер менен ичип-жеп, чардап жок кылчу экен. Каражаты жок болгондо кайрадан алдоого өтчү. Бул жолу да акчасы түгөнөт. Кимди алдарын билбей турса, ошол эле айылда жашаган бир ханум эске түшөт. Ал бай турчу жана эл аны суу ташыгычты жакшы көрөт деп айтышчу. Мына ошону алдамак болот. Ханумдун үйүнө барат: аны сүйлөшөт, муну сүйлөшөт. Короосунун баары эле тоок, каз, […]