Аскаралы Ражабалиевдин повесть-поэмасы

Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём. Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат. Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде… Ал эми «Бейиш төр» деген салмактуу чыгармасын окумуштуу Абдыкерим Муратов тамыры терең иликтөөнү жазгандыгы сиздерге белгилүү. Абдыкерим агай кара сөзчү Аскаралы Ражабалиевдин көлөмдүү адабий эмгегин ар тараптуу ачып берди. Абдыкерим […]

8-Мартка карата: Апалар балдарына бейишке жеткирер нурун чачып кете берет экен

Апам өмүр бою тамекиде иштеди. Ноокатта, союз кезинде. Кечээ тамеки үзүп-тизип келип, бүгүн төрөп-түшүп, эртеси белин бекем бууп алып аңызга чыгып кеткен социализмдин коммунизмге алданган муунунан болду. Он баласын ошентип төрөдү. Курорт түгүл, элүү чакырым Ошко ойноп да барган жок. Тамеки, анан бала – ушул эки нерсе өмүрүн кыскартып, ден соолугун жеди. Жаш туруп ооруп калды. Жаш туруп карып калды. Айыкпас ооруга чалдыкканын сезгенде «ден соолугуңарды карагылачы» дей берди. Анын бир гана кубанычы, бир гана майрамы болор эле – балдарын […]

8-Мартка карата: Таарынбай туруңуз, апа!

Убакыт абалкы шаанисин бузбай, мейкин экөө бирин бар, бирин жок кыла, тереңдерде, элестерде гана кымгууттана закымдаганы закымдаган. Кайда барат… таң?! Дал ошентип чар тарапка урунду-беринди болуп, бирде көк менен жер арасына батпай, бирде бут алдыда тебеленген кумурска кейип кийип… жүргөнүм жүргөн. Шонтип жүрүп канча өмүрлөр ыйлатып кайра сүйүнтүп – алдап-соолап атып, улам жылт коё берди. Дендароо кылган мезгил шарында агындыдай сулк аккан күндөрүм канча?.. Ошол, бирде тынбай шаркыраган дайрадай, бирде чаалыкпаган тулпардай сызган мезгилдин туяк алдында мени мен кылган апамдын […]

8-Мартка карата: Энем ушундай энем эле…

ЭССЕ Мен туулганда атам өз апасы менен таенесиникинде жашап жүрүптүр. Анан атамдын таенеси, элдин баары айткандай, «Ширин кемпир», анда 84 жашта, сыркоолоп төшөк тартып жатыптыр, жаз болсо, ушул Аптикаримди жетелеп, Кепе-Дөөдөн гүл терет элек деп кышта кыял кылып жүрүп, ошол жазга жетпептир, байкушум. «Өлбөгөн кулга жаз келип», мен басып кетипмин да, Ширин кампир мени ээрчите албай, жаналгычты ээрчип кетип, Чардана деген көрүстөнүбүздөн жай алыптыр… А мен ушул күнгө чейин ал кемпирдин кабыры кайсыл экенин да сурап койбопмун. Канткен менен ошол […]

8-Мартка карата: Ал – менин апам

Бала кезимден ушу күнгө чейин эки нерсе – эки таберик апамдын жыты менен Савайдын  шамалы  магниттей  тартып келет. Кечээ эле ар ойдон  чаалыгып  отуруп,  «балким, апамды  шамал алып  кетпеди  экен?» деп ойлоп койдум. Себеби жан дүйнөмө жазылып калган бала кездеги жандуу  элестер  нукура  таза боёогу менен ошол ойду каңкуулагансып калды… Өзүмчө үй бүлө күтүп, балдарым чоңоюп калганда деле бирдемеден капа  болуп, көңүлүм чөксө, апамды  шылтоолоп кеч  кирип, түн  батып кетсе да, Оштон  айылыма  келип-кетем.  Айылдын  абасына  моокум кана, кээде тынчып, […]