Сардарбек Рыскулов: Сатылган мүнүшкөр

Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да болгон. Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү, куш салгандын кызыгы. Кетеринде Сатылган менен убадалашты: «Келерки жылы Кочкорго көчүп кел. Кышта. Эрмектешип куш салалы. Аты-тонуң, согумуң менин мойнумда болсун. Көңүлүңө биздин эл-журт жагып калса туруп каларсың. Бул жерде […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Саятчылык жана алгыр канаттуулар жөнүндө баян

Куш күйгөн — эригип-зерикпеген, чаалыгып-чарчабаган адамдын иши. Анын жумушу мындай: чыйрак ичке кендир жиптен кадимки балыктын тору сыяктуу эле тор түйөт. Балык тоскон кол тордун бир жак учу туюк болот эмеспи. Куштун, бүркүттүн торлору андай болбойт. Кездеменин эниндей түйүлөт. Узундугу канча болсо мейли. Ашып калганын бүктөп, түрүп таштайсың. Ал эми туурасы өтө эндүү болууга тийиш. Эки метрге жакын. Торду жаярда анын бийиктиги менен тең же анча-мынча ашык, жоондугу камчы саптай төрт же алты узун чыбык кыркылат. Жерге сайыла турган учу […]