Төлөгөн Касымбеков: Талаштын башы

Эски накыл Тилөө Таң куланөөк, боору түктүү кара жер күдүрөйүп, те алыстан улуу тоо кыркалары ак чаңгыл тартып көрүнө баштаган убак. Жандуу атпай кыбырап, мугамыр киши баласы эрте туруп, малын көздөп, жаш эне чукуранган наристесине эмчек салып, кадуудан алты айры бугу үйүрүн баштап маңкайып, калың токой аралап, суу бойлоп жашаңга чыккан. Бир даары боз, бир даары көк, бир даары эскилиги жеткен кара – чачырап конгон көп алачук. Эңкейген кары, эмгектеген бала, эмчектүү эне – баары өз алачугунун эшигине чыгышкан, баары […]

Төлөгөн Касымбеков: Жазуучу деген ким?

(Сөз эркиндиги калыстыктан эркин эмес) I Ырас, адам коомунда ар жердин, ар элдин өсүш, өнүгүш жолу, деңгээли элдин же жамандыгынан, же мыктылыгынан эмес, жашоо шартына жараша ар башка болгон соң, бу «адеби», адеп түшүнүгү да ар башка болуп келгени ырас. Демекчи, көп тайпанын ичинде өзүнчө тили пайда болгон, жүрүмү, мүнөзү, турмуш ыгынан алган үйүтү өзгөлөнгөн бир тайпанын «кыргыз» деген атын ушул күнгө дейре өзүнө тутунуп жүргөн элдин аз болсо да өзүнө жараша адеби, акыл нускалары боло келгени да ырас. Көп […]

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: Туулган жер (шедевр)

АҢГЕМЕ Май айынын болуп турган убагы эле, чаңкай түш, өзүм жалгыз Ак-Суу тараптан келе жаткам. Айлана адыр-күдүр тоо, миң түркүн гүлдүү көйкөлгөн ыраң, көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал. Ар жерде келберсип жаңгак, акчечек, кайың дүпүйөт, те алыста кылда учу жомоктогу алптын найзасындай короюп карагай, арча көзгө түшөт. Мөмө жыгач токойдун теңи. Жол ийри-буйру болуп, бирде эңкейиш, бирде өр. Минген атым ыкшоолоно илкийт, арткы буттарын сүйрөй шилтесе бир калыпта күрт-күрт этип, мага эрмек, анда-санда шыйпанат, башын чулгуп, бөгөнөктөп ылаалайт, […]

Садир ДОСБАЕВ: Дворниктердин аңгемеси

— Салам Алейкум. Иш илгери. Кайран, эртелетейин деген экенсин. — Уа алекиге салеки, сартым келдиңби? Аяштын колунан бошоно албай аттыңбы? Маша кеч келгениңи көрүп калса тайенеңи таанытат. Айлыгыңан штраф демиш болуп кармап калат. — Катындан коркконду тапкан экенсиң. Силер аркалыктар катыныңардан коркосуңар. Катындарыңар беттен алганда тешик таппай каласыңар го. Биздин аялдар жүдаям назик болушат. Ха-ха-ха.. — Ха-ха-ха. Эсиңен чыга элек экен. Ошондо аяш көрүп калса Марат энесин гана көрөт эле. Жакшы подвалга жашырып койдуң. Айылда кантип атышты экен десең. Ичип […]

Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ: Деген экен…

Жылкычынын жылдырма Илгери жазуучулардын кайнаган жери «Кыргызстан», «Мектеп» басмалары болор эле. Ар кандай жарпты жазган, көңүлдү ачкан азил-тамашалар дал ошол эки басманын кууш, узун коридорунда байма-бай айтылып турчу. Анан калса көзгө басар эки басмабыз тең бир имаратта жайгашкан эле. Күндөрдүн биринде басманын эски кызматкери, саясый тексттердин котормочусу Элакунов Рысалыга эмнегедир Насирдин Байтемировдун («эмнегедир» дегеним, ал көркөм адабият менен иши жок, жазуучулар чөйрөсүнөн обочо киши болчу) дареги зарыл керек болуп калыптыр. Тигиге барат — билбейт, буга барат — билбейт. Акырында Жапиев […]