Аскаралы Ражабалиевдин повесть-поэмасы

Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём. Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат. Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде… Ал эми «Бейиш төр» деген салмактуу чыгармасын окумуштуу Абдыкерим Муратов тамыры терең иликтөөнү жазгандыгы сиздерге белгилүү. Абдыкерим агай кара сөзчү Аскаралы Ражабалиевдин көлөмдүү адабий эмгегин ар тараптуу ачып берди. Абдыкерим […]

Январда жарыяланган конкурстук чыгармаларга чакан баяндама

Мына ушинтип назым (поэзия) жана кара сөз (проза) боюнча конкурсубуз январь айын артта калтырды. Бул айда кароо-сынактык куржунубузга жыйырма бир эмгек келип түштү. Алардын он алтысы – кара сөз, бешөөсү – ыр түрүндөгү чыгармалар. Демек, адабий коомчулукта аңгемеге болгон суроо-талап жогору экен! Кудайдын кулагы сүйүнсүн, кыргыз аңгемеси кайра баштан жандана баштаптыр. «Айлангөчөк», «Бейтааныш», «Визитка», «Арык жана семиз», «Апам ай, апам», «Майпуруш», «Таарынба», «Баштык», «Жайчылар», «Наркозатын кайда бекиттим?», «Эмнеге?» деп аталган аңгемелерди чоң кызыгуу менен окудук. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш калемгердин […]

Токтосун Самудинов – кыргыздын Корней Чуковскийи

Балдар адабияты — көркөм сөз өнөрүнүн ажырагыс бөлүгү. Тоо койнуна мөлтүр кашка булак кандай жандуу жарашык тартууласа, балдар адабияты деле жалпы адабий турмуштун көркүн көйкөлтүп ачат, тамырына  күлүк  кан жүгүртөт. Биз бул макалада Кыргыз Республикасынын эл акыны, А.Осмонов жана Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Токтосун Самудиновдун чыгармачылыгына токтолуп өтөбүз. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында Т.Самудинов «Тоолор гана көрүшпөйт» ыр китеби менен адабият майданына кирип келди («Кыргызстан», 1971, 34 б). Ошондон бери далай суулар акты. Муундар алмашты. Адабияттагы багыттар, агымдар өзгөрдү. […]

Тайир Аширбай: «Кардагы из» муздакпы же жылуубу?

Нуралы Капаров  кыргыз журтчулугуна, адабият күйөрмандарына акын катары кеңири таанымал. «Тамызгы» (1986-ж.), «Көңүл ыргагы «(1991-ж.) ыр жыйнактары аркылуу  кыргыз адабият айдыңына аттанган акын «Досума кат «(2017-ж.) аттуу китебине чейин поэзиянын казанында катуу кайнады. Айтор, акындардын кара сөзгө кайрылуусу дүйнөлүк адабиятка жат көрүнүш эмес. А.С.Пушкиндин повесттери — эмне деген кереметтер! Тим эле ажары ачылып, ак шооласы чачылып турат. Рабиндранат Тагор 1913-жылда «Гитанжали» ырлар жыйнагы үчүн Нобель сыйлыгына эгедер  болсо да, кара сөздүн көсөмүнө айланды. Кайрадан Н.Капаровго келсек, акын катары агарып-көгөргөндөн кийин […]

Тайир Аширбай: Корозу бар коңшу

АҢГЕМЕ Айыл этегине жаңы үй-бүлө келип кошулду. Жыйырма беш-отуз жаштардагы жигит жана анын келберсиген келинчеги өз үлүшүнөн орун-очок табышты. Алардын эки баласы бар экен.  Кичинеси – бешикте, чоңураагы – эшикте. Алар камыштан алачык жасашты. Чарпая. Андан бир аз нарыраак жерге тооккана курушту. Таңга жуук катуу, шаттуу кыйкырган короз үнү кыштакты ойготту. Селт-селт! Эски тургундардын уйкусу талкаланды, балталанды. Тим койсо, шашкеге чейин… Берки жаш түгөйлөр сайдан терилген чоң-чоң таштардан пайдубал түптөштү. Баш көтөрбөй, ылайда  иштешти. Камырдай ийлеп, күүлөнтүп кесек куюшту. Дубал […]

Тайирден адабий чакырык

Келгиле, мындан ары жасалма, кургак чыгармаларды жазууну токтотолу! Кызыл-тазыл сөздөрдөн качалы! Жеңил-желпи уйкаштыктарга мораторий жарыялайлы. Лев Толстойго окшоп, бир чыгарманы кайра-кайра камырдай ийлейли! Окурмандардын табитин, көркөм кабылдоосун сыйлайлы! Адабий уурулуктан Кудай сактасын! Башкалардын таасиринде калбайлы! Дүйнөлүк деңгээлдеги дөө-шаалар менен жарышалы. Габриэль Гарсиа Маркес айткандай, көзгө уруна бербеген чыгармачыл адамдардан жупунулукту үйрөнөлү. Адабият майданын чийки чыгармаларга толтурбайлы! Атак-даӊктын, сыйлыктын, байлыктын, бийликтин кулу болбойлу! Көлөмгө эмес, көркөмдүккө умтулалы! Сыя менен эмес, жүрөктүн каны менен жазалы! Жапандар (япондор) айткандай, аз сөз менен көп […]