Соңку жарыялангандар

Олжобай Шакир 22.03.2020 0 comments

Карантин убагында – адабият теориясынан сабактар

Биринчи сабак: Адабият – сөз өнөрү Адабият деген эмне? Адам адам болуп жаралып, оозго тил бүтүп, мээге ой уюп, кеп үйрөнгөндөн кийин анын дүйнөсүн сөз өнөрү – адабият аралай баштайт. Наристе чакта энебиз ырдаган бешик ырындагы: Алдей, алдей, ак бөпөм, Ак бешикке жат бөпөм, — деген саптар менен сыйкырдуу сөз...
Билим КООМ
Олжобай Шакир 22.03.2020 5 comments

Видео: Алла деген сөз микробдой жайылып кетти

Ажыкелердин оозун карап отурганча өз алдыбызча ой калчай турган кезең. Өнүгөөр элдер илимий ачылыштарды, илимий революцияларды жаратууда. А биз молдокелердин оозун караган караңгы калкпыз… Бүгүн бир да ажыкенин колунан бок келбейт. Илим гана сактай турганын аңдайлы… Диний фанаттардын армиясы элди коргой албайт. Бир гана илим коргойт. Андыктан кыргыз, илимдүү-билимдүүлөрдү тарбиялайлы!...
Видео Дин МЕДИА
Олжобай Шакир 21.03.2020 0 comments

Роберт Кийосаки: Бай атам, кедей атам

Кириш сөз Менин эки атам бар эле, ошондуктан менде бири-бирине карама-каршы келген эки көз караштан тандоо мүмкүнчүлүгү болгон. Менин эки атам бар эле: бири бай, экинчиси кедей. Бири билимдүү, акылдуу, илимдин докторлугуна чейин жеткен даражалуу адам эле. Ал баклаврдын төрт жылдык окуусун эки жылда эле аяктаганга жетишкен. Стэнфорд, Чикаго жана...
Замандаш Ийгилик
Олжобай Шакир 21.03.2020 0 comments

Дооронбек Садырбаев: Оорусун Ата-Журттун мойнуна алып…

Бүгүн, 21-март — улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү НЕГЕ, НЕГЕ? Тагдыры төрөлгөндөн азуу жанып, Тар кыя сапар чектеп катуу багыт. Теңирден тилеп алган энесине, Тез эле оо дүйнөнүн мөөрүн тагып. Атасын андан кийин атказыптыр, Алыска акыреттик жолго салып. Ааламдын агын-көгүн биле электе, Азапты жаадырыптыр долуланып. Аз күлүп, арбын ыйлап...
АДАБИЯТ Инсанат
Олжобай Шакир 21.03.2020 1 comment

Махатма Ганди Гитлерге эмне үчүн досум деп кайрылган?

Индустан элинин даркан уулу Махатма Гандинин (1869-1948) нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлерге жазган каты бар экенин англис тилинде чыккан “Written in History: Letters that Changed the World” деген китептен окуган соң билдим. Китептин түзүүчүсү чыгармалары элүүгө жуук тилге которулган англиялык тарыхчы, жазуучу, журналист  Саймон Себаг-Монтефиореники (Simon Jonathan Sebag-Montefiore). Анын кээ...
Саясат Тарых
Олжобай Шакир 20.03.2020 0 comments

Роза Айтматова: Он томго батпаган чындык

Чыгыштын акылмандары айткандай, бу дүйнөдө үч нерсени: күндү, айды жана чындыкты жашырууга болбойт. Бул сөздүн чын экенине мен 1991-жылы Чоң-Таш айылынын жанындагы бөксө тоолордун биринде буга чейин белгисиз болгон мүрзө табылып, ал ХХ кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик репрессиялардын жазыксыз курмандыктарынын жалпы боордоштук мүрзөсү  экени тастыкталганда ынандым. Бул чындык 53 жылдан кийин...
КООМ Тарых Топ 4
Олжобай Шакир 20.03.2020 3 comments

Ишкерлер чөйрөсү «Апаатка такаат» акциясын жарыялады

«АТА-ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА, АЙЛАНСЫН АР БИР ИШКЕР ЧАГЫЛГАНГА!» Урматтуу ишкерлер! JIA Бизнес-ассоциациясы жана «Элим, Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Апаатка такаат!» аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорду жарыялайт. Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдети көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү. Эмгек жана...
Замандаш КООМ
Олжобай Шакир 20.03.2020 0 comments

Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын...
Котормо Проза
Олжобай Шакир 19.03.2020 0 comments

Сократтын сөзү: Эмне үчүн кемсинип жүргөн адам, башкаларды кемсинтет?

Замандаштар! Биздин арабызда адамдардын боорукерлигин пайдаланып жан баккан, канчалаган сайда саны жок кайырчылар менен кошоматчылар толуп жүрүшөт! Ойлоп көрсөң, жүрсө жүрө беришсин, алар менен сенин эмне ишиң бар? Алардын манерасы ошондой – жалпы элде кабыл алынган кадыр-барктан ылдый жүргөндү жактырышат. Алар жардам алып жатышпайбы. Ошентип нанын таап жеп жүрүшөт да....
Замандаш КООМ
Олжобай Шакир 19.03.2020 0 comments

Коронавирус жөнүндө анекдоттор

*     *     * Сүйүктүү кайненеге: — Апа, мени канча жаман көрсөңүз да сизди баалайм жана сыйлайм! Ошол сүйүүмдү тастыктап мен сизге Миланга жолдомо сатып келдим! *     *     * Башкы дарыгер оорукананы кыдырып жүрөт. — Коронавируска шектелген оорулуунун абалы кандай? — Жакшы эле. Өзүнчө палатага жаткырдык. Атайын диета дайындадык. —  Эмне...
КООМ Сатира
Олжобай Шакир 19.03.2020 0 comments

Сардарбек Рыскулов: Сатылган мүнүшкөр

Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да болгон. Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү,...
АДАБИЯТ Ийгилик
Олжобай Шакир 18.03.2020 0 comments

Дилазык: Плутарх душмандын пайдасы жөнүндө

Душманыңдын сөзүн ук! Бейкут жашоо менен күн өткөзүү жакшыбы? Тегерегиңдин баары сени мактап, кошомат кылып турса жагабы? Мен ачык эле айта алам, мындай жашоо сөзсүз жакын арада көйгөйлөрдү жаратат. Адегенде көңүлүң жай болуп, көзүңдү май басат, өзүңө өзүң ыраазы болуп, айланаңда эмне болуп жатканын көрбөй каласың, өсүүдөн каласың, ишке жөндөмдүүлүгүң...
Замандаш КООМ
Олжобай Шакир 18.03.2020 0 comments

Аскаралы Ражабалиевдин повесть-поэмасы

Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём. Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат. Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде…...
АДАБИЯТ Замандаш
Олжобай Шакир 18.03.2020 0 comments

Төлөгөн Касымбеков: Талаштын башы

Эски накыл Тилөө Таң куланөөк, боору түктүү кара жер күдүрөйүп, те алыстан улуу тоо кыркалары ак чаңгыл тартып көрүнө баштаган убак. Жандуу атпай кыбырап, мугамыр киши баласы эрте туруп, малын көздөп, жаш эне чукуранган наристесине эмчек салып, кадуудан алты айры бугу үйүрүн баштап маңкайып, калың токой аралап, суу бойлоп жашаңга...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 17.03.2020 0 comments

Тофалар эл жомогу: Багыш менен кабарга[1]

Тайгадан багыш менен кабарга жолугуп калышат. Багыш айтат: – Сен эмне мындай кичинекейсиң, шалпаң кулак? Алдагы түрүң менен биздин бугулар тукумун бузуп! Сапсагай түгү үлпүлдөк кабарга, өйдөгө карап айтып турганы: – Сен колтоюп турганың менен, агер түгүбүздү санаша келсек, сенин жүнүң меникинен аз… Тайга боюнча өзүндөй чоң жаныбар жок экенине...
Жомок ӨСПҮРҮМ
Олжобай Шакир 17.03.2020 0 comments

Насыйкат: Макаренко жана биз

1988-жылдын 13-мартында көрүнүктүү педагог жана жазуучу Антон Семенович Макаренко жарык дүйнөгө келиптир. Ал өзүнүн кыска жашоосунда балдарды тарбиялоо багытында көп иштерди жасаган, анын эмгектери бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек жана мындан ары да элге кызмат өтөй берери айдан ачык. Ал темир жол мекемелеринин жумушчусунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген экен....
КООМ Үй-бүлө
Олжобай Шакир 17.03.2020 0 comments

Иманбек Азизилла уулу: Эгемендик кадырын билбегендер СССРди эңсейт

Жакын арада эле бир кызыктай окуя болуп өттү. Бирөө «Ушул автобус СССРге барса чыгат белең?» десе экинчиси, «С удовольствием!» деп жооп кайтарды эле, каңырыгым түтөдү. Бир адамдын мурду канабай, колго тийген эгемендиктин кадыры ушунчалык эле төмөнбү деп кейип-кепчип кала бердим. Көз карандысыздыкка канча деген эл жетпей жүргөнү менен кыйласынын иши...
КООМ Публицистика
Олжобай Шакир 17.03.2020 0 comments

Коронавирус жөнүндө еврейлердин анекдоттору

Күлкү – ден соолуктун мүлкү дейт кыргыз. Күлкү көп ооруларды, анын ичинен вирустуу тумоолорду жеңери илимий түрдө да тастыкталган. Жакшы маанайда шатыра-шатман жүргөн адамдын иммунитети илдет менен жакшы күрөшөт. Күлкү көңүл тазартат. Жакшы маанай дүрбөлөңдөн сактап, айыгууга жардам берет. Демек көбүрөк жылмайып, ден соолукта бололу. Ушул максатта учурда жүрүп жаткан...
КООМ Сатира